ШВЕЙЦАРИЯ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУ КОЛДОЙТ

  • 15.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды.

ШВЕЙЦАРИЯ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУ КОЛДОЙТ

Жолугушууга Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин билим берүү боюнча долбоорунун улук координатору Эльвира Мураталиева да катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

ШВЕЙЦАРИЯ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУ КОЛДОЙТ

Элчиликтин өкүлдөрү Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жыйынтыктоочу фазасы тууралуу айтып беришти.

Атап айтканда, долбоордун алкагында Министрлик менен биргеликте медайымдарды окутуу үчүн жаңы окуу программалары иштелип чыккандыгы, аларды ушул жылдын сентябрынан тартып 4 пилоттук колледжге киргизүү пландалып жаткандыгы, ушуга байланыштуу окуу программасын Кыргыз Республикасынын башка медициналык кесиптик билим берүү уюмдарында жайылтуу жана долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылчылыгы белгиленди.

Министр Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлик долбоор аяктаганда медициналык окуу программаларын киргизүүнүн сапатына чогуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө даяр экендигин, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша Министрлик окуу программасын Кыргызстандын башка медициналык кесиптик окуу жайларына жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн айтты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер