ШВЕЦИЯНЫ БАГЫНДЫРГАН КЫРГЫЗ ОКУУЧУЛАРЫ

  • 17.06.2026
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тарыхында жаңы барак ачылды. «Аалам» эл аралык мектебинин (AIMS Razzakov) 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев физика боюнча өткөн 10-Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) коло медаль багындырды. Бул өлкөбүздүн аталган абройлуу таймаштагы алгачкы медалы.

Ийгилик муну менен эле чектелген жок. «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков да өзгөчө айырмаланып, «Honourable Mention» (Ардак грамотасы) менен сыйланды. Бул дагы өлкө тарыхындагы физика багыты боюнча биринчи чоң көрсөткүч болуп калды.

Глобалдык деңгээлдеги бул акыл-эс таймашы үстүбүздөгү жылдын 12–16-июнь күндөрү Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн эң таланттуу деген 199 окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык татаал тапшырмалар боюнча күч сынашкан.

Бул тарыхый ийгиликтин артында окуучулардын гана эмес, аларды таптаган мугалимдердин да зор эмгеги турат:

  • Команданы Дүйшөн Сатыбалдиев жетектеп барды.
  • Коло медаль ээси Аскарды Чынтемир Сабыров менен Улукбек Ажыбаев машыктырган.
  • Ал эми Айтегиндин ийгилигине Андрей Сидоренко менен Тургунбек Омурканов салым кошкон.

Кыргыз туусун эл аралык аренада бийик желбиреткен жаш таланттарды, алардын устаттарын жана жакындарын бул чоң жетишкендиги менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сыймыктуу уулдарыбыздын келечеги кең, ийгиликтери дайыма байсалдуу болсун!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер