ШКУнун ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫН АЧТЫ

  • 20.07.2026
  • 0

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык илимий-билим берүү лагеринде келечектеги илимий кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды. Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаштар экологиялык химия, биомедицина жана кайра жаралуучу энергия тармактарындагы изилдөөлөрүн сунушташты.

ШКУнун жаш окумуштуулар лагери — уюмга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарын бириктирип, илимий тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды иштеп чыгууга жана биргелешкен долбоорлорду түзүүгө багытталган эл аралык аянтча. Бул иш-чара жаштарга ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары менен байланыш түзүүгө, заманбап илимий ыкмаларды үйрөнүүгө жана өз изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындай демилгелердин мааниси илимди өнүктүрүү менен гана чектелбестен, коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жаңы чечимдерди табууга шарт түзгөнүндө. Экологиялык коопсуздук, таза энергия булактары, медициналык изилдөөлөр сыяктуу багыттардагы жаштардын эмгеги келечекте адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошо алат.

Лагердин жүрүшүндө катышуучулар эл аралык топторго бөлүнүп, илимий жетекчилердин көмөгү менен изилдөө иштерин жүргүзүштү. Алар маалыматтарды талдап, тажрыйбаларды өткөрүп, өз долбоорлорунун жыйынтыгын илимий макала, постер жана презентация түрүндө даярдашты. Ар башка өлкөлөрдөн келген жаштардын бир командада иштеши алардын илимий билимин гана эмес, маданий байланыштарын да бекемдеди.

Кыргызстандын атынан катышкан Бишкектеги Cambridge International School мектебинин окуучусу Асема Турдалиева биомедицина багытындагы долбоорун сунуштады. Анын изилдөөсүндө антибиотиктердин бактерияларга тийгизген таасири каралган.

— Биздин команда илимий макала жана постер даярдады. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаштар менен биргеликте иш алып баруу мен үчүн чоң тажрыйба болду, — деди Асема.

Экологиялык химия тармагында изилдөө жүргүзгөн россиялык катышуучу Аскандер Кималовдун командасы фисташканын кабыгынан алынган активдештирилген көмүрдүн касиеттерин изилдеди. Алар бул материалды сууну оор металлдардан тазалоодо колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты.

Ал эми Тажикстандан келген Красима Бамамак кайра жаралуучу энергия багытын тандап, шамал турбиналарынын иштөө принциптерин изилдеген долбоорго катышты.

— Биз шамал энергиясын пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык. Долбоорубуз шамал турбиналарын түзүү жана алардын натыйжалуулугун талдоого арналды, — деди ал.

Өзбекстандык жаш изилдөөчүлөр шамал турбиналарынын канаттарынын ар кандай түзүлүштөрүн салыштырып, энергия өндүрүүдө кайсы ыкма көбүрөөк натыйжа берерин аныктоого аракет кылышты. Алар аба агымынын өзгөчөлүктөрүнүн турбинанын ишине тийгизген таасирин изилдешкен.

Кытайдан келген Ли Чен үчүн лагердеги маанилүү мүмкүнчүлүктөрдүн бири — башка өлкөлөрдүн жаштары менен тажрыйба алмашуу болду.

— Бул жерде жаңы адамдар менен таанышып, алардын маданияты жана илимге болгон көз карашы тууралуу көп нерсе билдим, — деди ал.

Лагердин соңунда катышуучулар даярдаган долбоорлорун коргоп, илимий иштеринин жыйынтыктарын сунушташты. Алардын изилдөөлөрү заманбап илимдин маанилүү багыттарын камтып, келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн негиз түздү.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаш изилдөөчүлөрдүн иштерине баа берип, алардын долбоорлору илимий жактан негизделгенин жана коомдун өнүгүшүнө багытталганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова мындай эл аралык аянтчалар ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий байланыштарды бекемдеп, жаштардын чыгармачыл жана изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова болсо лагерде түзүлгөн илимий жана кесиптик байланыштар келечекте жаңы биргелешкен изилдөөлөрдүн башаты болорун белгиледи.

ШКУнун жаш окумуштуулар лагери — жөн гана билим берүүчү иш-чара эмес, келечектеги илимий кызматташуунун пайдубалын түптөгөн маанилүү аянтча.  Бул жерде жаралган идеялар жана түзүлгөн байланыштар аймактагы илимдин өнүгүшүнө, жаңы технологиялардын пайда болушуна жана коом үчүн пайдалуу чечимдердин иштелишине өбөлгө түзөт.

Мадина КУРБАНОВА , «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер