ШКУ: ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЛАГЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 09.07.2026
  • 0

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өтүп жаткан жаш окумуштуулардын эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) профессорлору менен жолугушту. Жолугушууга министрдин орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана лагердин катышуучуларынын илимий долбоорлорун жетектеген 11 чет өлкөлүк жана жергиликтүү профессор катышып, иш-чараны уюштуруу жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.ШКУ: ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЛАГЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫЖыйындын жүрүшүндө профессорлор лагерге ШКУга мүчө мамлекеттерден тышкары башка өлкөлөрдүн да алдыңкы окумуштуулары менен эксперттерин чакырууну, ошондой эле программага экологиялык өнүгүү жана сейсмологиялык процесстерди изилдөө сыяктуу жаңы илимий багыттарды киргизүүнү сунушташты. Мындан сырткары, катышуучулар изилдөө жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарды жана заманбап жабдууларды белгилеп, лагердин уюштуруу деңгээлин жогору баалашты.

Эске салсак, Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган бул эл аралык лагерь Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик «Акылман» лицейинде өз ишин баштаган. Учурда анын катышуучулары экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер