ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП — САПАТТУУ БИЛИМДИН КЕПИЛДИГИ

  • 09.07.2026
  • 0

Баткен районундагы Бото Нарматов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Өлкө боюнча инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарына кирген бул билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына карата заманбап шартта эшигин ачууга даярданууда.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул реформанын алкагында мектептин окуу чөйрөсү толугу менен жаңыланууда.ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП — САПАТТУУ БИЛИМДИН КЕПИЛДИГИУчурда 1200дөн ашуун окуучу билим алган бул ири мекемеде STEM кабинеттери, спорт зал, китепкана, мугалимдер бөлмөсү, фойе жана санитардык түйүндөр оңдолуп, имараттын сырткы фасады да жаңыланууда. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектептин борборго жакындыгы жана күчтүү педагогикалык курамы инновациялык тажрыйбаны башка мектептерге жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП — САПАТТУУ БИЛИМДИН КЕПИЛДИГИМектептин директору Рахманали Султановдун айтымында, курулуш иштери бекитилген график боюнча жаңы окуу жылына чейин ийгиликтүү аяктайт. Ал инновациялык мектеп макамы окуучунун практикалык көндүмдөрүн заманбап технологиялар менен өнүктүрүүгө чоң жоопкерчилик жүктөрүн кошумчалады. Мындай жаңылоо иштери өлкөдөгү билим берүү реформасынын жана 12 жылдык билим берүү тутумун ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү кадамы болуп саналат.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер