ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО: АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ТҮЗ ЭФИР ӨТКӨРӨТ
- 09.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жарандардын суроолоруна ыкчам жооп берүү максатында «Онлайн кабыл алуу» рубрикасынын алкагында кезектеги түз эфирин уюштурууда.
Бул жолку түз эфир билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча конкурстук тандоонун жаңы тартибине арналмакчы. Эфирдин жүрүшүндө жаңы эрежелер тууралуу кеңири маалымат берилип, кызыктырган суроолорго түз байланышта жооптор берилет.
- Күнү: 2026-жылдын 10-июлу
- Убактысы: 16:00
- Аянтчасы: Министрликтин Facebook жана Instagram баракчалары (@bilimilimkg)
Урматтуу педагогдор, суроолоруңуздарды алдын ала министрликтин расмий баракчаларындагы ушул посттун комментарий бөлүмүнө калтырсаңыздар болот. Ошондой эле суроолорду түз эфир учурунда да онлайн берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Билим берүү тармагындагы маанилүү жаңылыктан кабардар болуңуз!
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер