СТАНДАРТТАН НАТЫЙЖАГА КАРАЙ
- 09.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорун окутуу үчүн атайын тренерлер даярдалган. Учурда бул адистер жер-жерлерде «Стандарттан натыйжага карай педагогдун эффективдүү ишмердүүлүгү» аттуу темада масштабдуу тренингдерди уюштуруп жатышат.
Аталган иш-чаранын алкагында Сокулук районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана тарбиячылары үчүн да окутуу уюштурулду. Ага жалпысынан 97 педагог катышып, квалификациясын жогорулатты.
Тренингдин башкы максаты — мектепке чейинки курактагы балдарды окутуп-тарбиялоодо алардын ар тараптуу өнүгүүсүн туура коштоо, заманбап педагогикалык технологияларды жайылтуу жана натыйжага багытталган билим берүү ыкмаларын иш жүзүндө колдонууну үйрөтүү болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар бала бакчалардагы билим берүүнүн сапатын арттыра турган жаңы усулдар менен жакындан таанышышты.
АК «КБ»




Комментарийлер