ШКУ: РОССИЯНЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

  • 05.07.2026
  • 0

Бүгүн, 5-июлда, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан Эл аралык илимий-билим берүү лагерине Россия Федерациясынын 12 кишиден турган жана Тажикстандын 15 кишиден турган делегациясы келди.

Делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышты.ШКУ: РОССИЯНЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИЛагердин жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү илимий жана билим берүү иш-чараларына катышып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен талкууларга жана практикалык иштерге катышат.

Белгилей кетсек, Эл аралык илимий-билим берүү лагери Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.

ШКУ: РОССИЯНЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер