ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АКАДЕМИКТЕРИ БИШКЕКТЕ ЧОГУЛДУ

  • 06.07.2026
  • 0

Борбор калаада эки күнгө созулган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча III эл аралык форуму аяктап,  өз ишин КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында (УИА) жыйынтыктады. Ири илимий иш-чараны КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстан эл аралык университети жана Кытайдын Сиань Цзяотун университети биргелешип уюштурду.

Форумга Кытайдын Цзяотун университетинин президенти Чжан Лицюнь баштаган бир топ белгилүү кытайлык илимпоздор, Казакстан УИАнын академиги Ж.Туймебаев, Өзбекстан УИАнын академиктери К.Гуламов, М.Ашуров, Тажикстан УИАнын президентинин кеңешчиси Ф.Кодирзада Анвар жана Кыргызстан эл аралык университетинин түзүүчүсү А.Айдаралиев катышты.ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АКАДЕМИКТЕРИ БИШКЕКТЕ ЧОГУЛДУКадырлуу меймандарды КР УИАнын президенти Б.Дженбаев, вице-президенти Г.Ботоканова жана башкы илимий катчы А.Адиевалар тосуп алышты.

Иш-чаранын алкагында ШКУ аймагындагы экологиялык таза энергияга өтүүнүн укуктук жана стратегиялык багыттары талдоого алынган «ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, укуктук жөнгө салуу жана келечеги» аттуу жамааттык монографиянын бет ачары өттү. КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев өз сөзүндө Кыргызстандын 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында жашыл энергетика артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, форумдун алкагында ачылган жаңы смарт-лаборатория таза энергетика жана энергияны натыйжалуу сактоо технологияларын практикада ишке ашырууга, өлкөнүн жашыл энергетикалык хабга айлануусуна бекем негиз болорун билдирди. Тажрыйба алмашкан сырттан келген академиктер жана профессорлор аймактык климаттык чакырыктарды биргелешип чечүү жана илимий кызматташтыкты чыңдоо демилгелерин ортого салышты.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер