ШКУ: КЫТАЙДЫН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ
- 06.07.2026
- 0
Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан Эл аралык илимий-билим берүү лагерине катышуу максатында Кытай Эл Республикасынан 17 адамдан турган делегация Кыргызстанга келди.
Делегациянын курамында жаш окумуштуулар менен бирге аларды коштоп келген профессорлор да бар. Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алып, андан соң иш-чара өтө турган Ысык-Көл облусуна узатты.
Белгилей кетсек, эл аралык илимий-билим берүү лагери ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштууларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталган.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер