ШИХЭЦЗЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОШМУ КЫЗМАТТАШАТ

  • 21.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Шихэцзы университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

ШИХЭЦЗЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОШМУ КЫЗМАТТАШАТ

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

ШИХЭЦЗЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОШМУ КЫЗМАТТАШАТ

ШИХЭЦЗЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОШМУ КЫЗМАТТАШАТ

Эки тарап тең жолугушууда кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер