«ШЕРИКТЕШТИКТИН БАЛДАРЫ»
- 01.07.2024
- 0
«Шериктештиктин балдары» IX Эл аралык форуму ушул күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүдө.
Маалыматка ылайык, форумга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мектеп окуучулары катышууда.
Форумдун жүрүшүндө окуучулар өз өлкөлөрүнүн улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын көрсөтүштү. Мындан тышкары көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүүчү тренингдер, музыкалык сынактар, көркөм кечелер жана башка иш-чаралар каралган.
Форумдун алгачкы күнүндө “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүп, боз үй тигүү, улуттук оюндар жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды уюштурушту.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер