“ШЕР” КУРАМА КОМАНДАСЫ ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
- 31.10.2023
- 0
Аламүдүн районундагы Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын жаш өспүрүмдөр инспектору Бегимай Кыялбекова жана мектептин соц педагогу Алмаш Ормотоева даярдаган “Шер” милициянын жаш жардамчыларынын курама командасы “Милициянын жаш достору” сынагына катышты.
Сынакта Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Чүй, Москва, Токмок, Ысык-Ата, Панфилов, Жайыл райондорунун командалары күч сынашты.
9 райондон келген команданын капитандары сынактын шартына жараша адегенде чүчү кулактын жыйынтыгы менен Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын майору Алмаз Исаковго рапорт беришти. Сынактын экинчи турунда командалардын агитациялык бригадалары үй тапшырмалары, дубал газеталары менен тааныштырды. Андан соң баары тесттен өтүштү. Капитандын жардамчысы Аяна Мажитова өзү даярдап келген үй тапшырмаларын аткарууда өзүнүн мыкты даярдыгын көрсөттү. Жыйынтыгында Аламүдүн райондун атынан чыгышкан Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын “Шер” милициянын жаш жардамчыларынын курама командасы тогуз райондун ичинен экинчи орунду ээлегендиги үчүн Чүй облусунун “Милициянын жаш жардамчылары” диплому, медаль, кубок жана саат менен сыйланышты.
Анара САРИЕВА,
Аламүдүн району
Комментарийлер