ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 12.08.2026
  • 0

Жогорку Кеңеште «Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү: ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) сунуштары, эл аралык стандарттар жана аларды имплементациялоо механизмдери» аталышындагы эксперттик брифинг өткөрүлдү.

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган брифингге Жогорку Кеңештин депутаттары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана ЕККУ ДИАУБдун өкүлдөрү катышты.

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Иш-чарада ачылыш сөзүн сүйлөгөн депутат Гульнара Акимбаева шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү демократиялык мамлекет үчүн маанилүү экенин белгилеп, шайлоонун ачык, адилет жана таза өтүшү жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимине түздөн-түз таасир этерин билдирди.

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинин ачыктыгын жогорулатуу, шайлоону каржылоону көзөмөлдөө, санариптик технологияларды колдонуу, шайлоо комиссияларынын ишин өркүндөтүү жана жарандардын шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимин бекемдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге учкай токтолду.

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Андан соң ЕККУ ДИАУБдун өкүлдөрү эл аралык шайлоо стандарттары жана шайлоого байкоо жүргүзүү методологиясы боюнча баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган негизги сунуштары менен бөлүштү.

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКСПЕРТТИК БРИФИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Иш-чара талкуу форматында уланып, эл өкүлдөрү айтылган сунуштарга карата ой-пикирлерин билдиришти. Мындан тышкары шайлоо системасындагы саясий коррупцияны азайтууга жана финансылык тартипти күчөтүүгө багытталган реформалар тууралуу сөз болуп, көп мандаттуу шайлоо округдарынын киргизилиши, гендердик квотанын сакталышы жана дистанциялык добуш берүү мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү маанилүү кадамдар болгону белгиленди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер