ШАКИРТТЕРИ КЫР АШКАН БАЙЫШ АГАЙ

  • 17.10.2019
  • 0

Энергетиктердин шаарчасы Кара-Көлдүн эң сыйлуу, эң кадырлуу адамы – Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими  Байыш Мусуралиев. Талыкпас агартуучу шаардыктардын мындай сый-урматына  мектепке арнаган 40 жылдык ак эмгеги, окутуу менен тарбиялоодогу колго аларлык табылгалары аркылуу жетип олтурат.

Байыш агайдын атасы Казыбек Мусуралиев да эл эсинде калган эмгекчил мугалимдерден болгон. Каарманыбыз өзүндөгү кандай адамдык, педагогдук мыкты сапаттар болсо, ошонун баарын атасынан алганын айтат.

— Атам жаңылыкка жакын, иштерман мугалим болчу. Бүгүнкү ишин эртеңкиге калтырчу эмес. Дайыма столунда дептер текшерип олтурар эле. Тилдин тазалыгына, сабаттуу жазууга өзгөчө маани берчү, — дейт күрдөөлдүү күздө 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан кыраакы мугалим.

Байыш Мусуралиев  эмгек жолун Кара-Көл шаарындагы №6 орто мектепте пионер вожатый болуп иштөөдөн баштайт. 1987-жылы КМУнун филология факультетин аяктагандан кийин ушул эле шаардагы №5 орто мектепте директорлук кызматты аткарат.

Ак мектеп күтөт күндө ачып эшик,

Сыйлашат баары тегиз “Агай!” дешип.

Кесибим тандап алган мугалимдик,

Түбөлүк мага бүткөн ырыс-кешик, — деп ак пейил агай бир ырында жазгандай, 1995-жылдан бери үзгүлтүксүз бир жерде – Д.Шопоков атындагы №4 орто мектепте алгач бир жылдай окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин  кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келе жатат.

Бирок иштегенде да, иштин майын чыгара иштеди. Окуучулардын китеп окууга кызыгуусун ойготуп, дегеле жаштайынан поэзияны сүйүүгө багыттап, адабият сабагынын башталышында  «Беш мүнөттүк поэзия» ыкмасын чыгармачылык менен колдонуп жүрөт. Эргүү жараткан сабактарда канча ырлар окулбады дейсиз! Көбү кайрымсыз кетпептир. Ошондогу окуучулардын бае дүйнөсүнөн  агайына арналып эмки ырлар жаралды:

«Агай», «ата», «сырдаш» — сиздин белгиңиз,

Аянбастан тарбияны бердиңиз.

Өзгөлөрдөн таламымды талашып,

Өз уул-кыздан артыгыраак көрдүңүз. – деп жазат таалими күчтүү агайдын таланттуу шакирти Жылдызбек Турсунбаев.   Төмөнкү саптар болсо  Байыш агайдын 2008-жылдагы бүтүрүүчүсү, бир канча китептердин автору Элвира Меймановага таандык.

Ийгиликтер ээрчисин алыстабай,

Эмгегиң зор, сөз менен айта албайбыз.

Чың ден соолук, узун өмүр тилейм сизге,

Агайым, бар болуңуз, чарчабаңыз!

Ооба, мындай каалоо-тилектерди ар бир мугалим өз окуучусунан уккусу келет. Бирок, мугалимдин эмгеги бир күндүк эмес экени эзелтен белгилүү. Түйшүкчүл педагог өз окуучуларынын, мугалимдик кесипти тандаган ондогон шакирттеринин, кесиптештеринин сый-урматына ээ болуш үчүн бешене терин төгүп, түн уйкусунан безип, тыным билбей агартуу майданында кырк жыл ак эмгек өтөдү.

— Байыш агайды биз устаттардын төрөсү деп билебиз. Анткени ал жаш адистерден кеп-кеңешин аябайт. Ушундай мамилеси менен  агайыбыз “Мугалимдердин мугалими” аталды, — дейт өрнөктүү мугалимдин шакирти, Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Рахат Тагаева.

Баса, агайдын шакирти Рахат эжей өткөн жылы Чыңгыз Айтматов атындагы кабинет уюштуруп,   улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган республикалык кароо-сынакта жеңүүчү болсо, устаты ошол эле улуттук сынакта сабак иштелмелеринин арасында жеңүүчү аталды. Устаттан шакирт өтүптүр деген ушул!

Дагы бир жакын шакирти – мурунку окуучусу, Кара-Көл шаарындагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Карагулова Бегим.  Бегим эжей да устатын тартып иштемчил, чыгармачыл, жаңычыл  мугалим.

Талыкпас таалимчи тууралуу сөз кылып жатып, мааракеге улай уюштурулган  “Оюмда  сенсиң, дилимде сенсиң, эне тил!” аттуу илимий-практикалык конференцияга кайрыла кетели. Мында да омоктуу ойлор, изги тилектер, жүрөктөн чыккан каалоолор айтылды.

Алыстан ат арытып келген атактуу агартуучу Гапыр Мадаминов, КББАнын издемчил илимпозу Адыл Касымов, конференциянын уюштурулушуна бараандуу салымын кошкон Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун кыргыз тили жана адабияты боюнча кабинет башчысы Жамила Жолдошева, Кара-Көл шаарынын вице-мэри Г.Ө. Сатарова,бул эсте каларлык күнү агайга “Шаардын мыкты инсаны” төш белгисин ыйгарган шаардык кеңештин төрагасы Бакыт Кыргызалиев,  шаардын билим берүү жаатындагы азыркы ийгиликтеринин башатында турган демилгечи, уюштургуч жана ишбилги жетекчи, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук бөлүмүнүн башчысы Айгүл  Каракозуева, ЖАМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Жаркул Эшиев, ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжинин улук окутуучусу Чолпонай Алиева,  ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин окутуучусу Гүлүмкан Досбаева  Байыш агайдай  чыгаан мугалимдерди жалпы эл колдоого алышы керектигин өз сөздөрүндө баса белгилешти.

Конференцияда  маараке ээсинин эмгектериндеги методикалык ык-машыгууларга, педагогикалык изденүүлөрүндөгү жазма стилине жана аракетчил агайдын Устатчылык мектебине да өзгөчө орун берилди.

Шакирттеринин, кесиптештеринин айтуусунда чыгармачыл мугалим акын-жазуучулардын өмүрү-чыгармачылыгын үйрөтүүдө сабакта цифралык таяныч белгилерди байма-бай колдонот. Өтүлгөн темаларды жыйынтыктоодо болсо, “Сынчыл ойломдун” кластер, синквейн, Венндин диаграммасы сыяктуу ыкмаларды пайдаланып, окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө көмөктөшөт экен.  Макаренконун “Сабактагы жакшы оюн – жакшы бир ишке барабар” деген накыл сөзүн көңүлгө түйүп, кыргыз тили сабагында балдардын сабакка кызыгуусун арттыруу үчүн “Ким биринчи табат?”, “Көңүл коюп ук!” грамматикалык оюндарына кез-кезде орун берет.

Окуучулардын сабакка болгон активдүүлүгүн жогорулатуу максатында шаардын таанымал адамдары — улуттук календарь түзүүчү Торон Жумаев, манасчы Салимбай Турсунбаевдерди чакырып, окуучулар менен бирге “Мүчөл той” майрамын, “Жаш манасчылар” сынагын уюштурганы чындыгында мактоого татырлык иш. Анткени көптөгөн мугалимдер таалим-тарбия ишинде жергиликтүү эл оозуна алынган адамдардын өрнөгүнөн пайдаланууга маани беришпейт.

Ал эми педагогикада, дегеле күнүмкү жашоодо майда нерсе жок. Баары бири-бири менен байланышкан. Иштемчил мугалим окуучулардын билимин баалоодо жана аларды тестирлөөгө даярдоодо  кыргыз тилинен жана адабиятынан  ар бир класс үчүн өз-өзүнчө тесттик суроолордун варианттарын түзүп чыгып,  аларга ар бир бөлүмдү кайталоодо, чейректи жыйынтыктоо алдында кайрылат.  Сабактын мүнөзүнө,түзүлүшүнө жараша окуучуларды топторго бөлүштүрүү менен “сабак-таймаш”, “сабак-поэзия”, “сабак-кроссворд” түрүндө сабак өтүп, балдар-кыздардын өз алдынчалыгын өстүрүүгө жетик көңүл бурарын да кошумчалай кетсек.

Ушуга улай мен, журналист катары, Байыш агайдын опол тоодой эки эмгегин белгилеп кетким келет. Биринчиси, мээнеткеч агайдын мугалимдин кажыбас эмгегинен жаралган республикага үлгү болорлук “Манас” кабинети. Балдарды жаштайынан эне тилин сүйүүгө, эли-жерин коргоого чакырган мекенибиздин эң башкы окуу кабинети ушундай көрүнүктүү жана таасирдүү болууга тийиш! Экинчи эмгеги – кырк жылдан бери талыкпай түзүп келген сабак иштелмелери.  Аларга сан жетпейт.

Айрымдарын атап өтөлү: “Манастагы баатырлар”, “Манастагы айымдар”, “Манастагы тулпар аттар”, “Ата Журттун ардактуу уулу – Чыңгыз Айтматов”,”Акындар тоолорду даңкташат”, “Жети акенин осуяттары”, “Курманжан датка”, “Элдик оозеки чыгармачылык”, “Жаңылмачтар”, “Нускалуу накыл кептер” жана “Логиканы өстүргөн табышмактар”…

Эми булар чети гана! Акын-жазуучулардын өмүрү-чыгармачылыгын окутууну көздөп түзүлгөн портфолиолор да жүздөп саналат. Менин көзүмө А. Токомбаевдин, К.Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т.Үмөталиевдин, А.Осмоновдун, К.Акиевдин, О.Бөлөбалаевдин, Б.Алыкуловдун, К.Тыныстановдун ысымдары илинди. Байкабагандарым канча! Баарысы ушунчалык сүйүү менен астейдил жасалган.

— Көп жылдардан бери башталгыч класстарды окутам. Ошон үчүн болсо керек, агайдын кол жазмасына аябай суктанам. Шуру менен тизип койгондой жазат. Туурап да көрдүм. Такыр окшобойт. Азыр баары эле компьютерге өтүп кетишти. Мындай жүрөктөн чыккан кол жазманы издесең да таппайсың. Булар келечек муунга баа жеткис белек болуп калат деп ойлойм, — дейт конференциянын катышуучусу, Бишкек шаарынан  башталгыч класстар мугалими Райкан Кудайназарова.

Байыш Мусуралиев – талыкпаган педагог. Ал өз билимин практика менен байланыштырып, ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин студенттерине да билим берип келет. Издемчил мугалим   кызыктуу докладдары менен  республикалык педагогикалык окууларга катышты.Бир топ жылдар облустук окуучулар олимпиадасында предметтик комиссияны жетектеп, далай жолу участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына төрага болуп шайланды.

Облустук сынактарда жеңүүчү болуп, “Жылдын мугалими”, “Мыкты усулчу” сыйлыктарын, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгисин алууга жетишти. Шаарда “Манас” кабинетин алгачкылардан болуп түзүп, облустук кароо-сынакта биринчи орунду ээлеген. 2004-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине, 2014-жылы “ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери” төш белгисине, 2017-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыктуу болду.

— Байыш агай — биздин мектептин сыймыгы, ар бир сабагын окуучулар зарыга күткөн мугалим, жаш педагогдордун ишенимдүү насаатчысы.  Насаатчы катары жаш мугалимдерге көрсөтмөлүү сабактарын өтүп турат, — дейт Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин директору Раткан Бердигулова.

Жалпы эл кадырлаган мугалимдин үй-бүлөөсү тууралуу айта кетсек.  Жубайы Чынара Илипбаева — таанымал педагог, республикалык “Жыл мугалим” сынагынын жеңүүчүсү. Учурда Токтогул ГЭСтер каскадында мамлекеттик тил боюнча биринчи категориядагы адис болуп эмгектенет. Ынтымактуу жубайлар беш уул-кызды эрезеге жеткирди. Эң кенжеси Айданек быйыл “Алтын тамга” аттестатына ээ болду.

Кара-Көл шаарынын эң кадырлуу адамына айланган Байыш агай тууралуу сөзүбүздү, жалпы журтубуздун мугалимдеринин насаатчысы, көрүнүктүү публицист, адабиятчы Советбек Байгазиевдин агайга берген таасын баасы менен аяктоону туура көрдүм.

“Бизде коррупция, бюрократия болбосо, Байыш эбак Кыргыз Республикасынын Эл мугалими болмок. Ал бүгүнкү педагогиканын руханий лидерлеринин бири. Байыштай мугалим сейрек жаралат жана анын эмгек-мээнетин бийик баалап, дагы жаңы ашууларды багынтышына стимул беришибиз керек”, — деп жазыптыр Советбек Байгазиев Билим берүү академиясы чыгарган китептин баш сөзүндө.

Кеп эмес бекен!

А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер