ШАХМАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 19.06.2026
  • 0

Бишкек, Ынтымак Ордо, 18-июнь. – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы отурумун өткөрдү. Жыйында 2026-2030-жылдарга ылайыкталган шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча комплекстүү Улуттук программаны иштеп чыгуу маселеси ортого салынды.

ШАХМАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бул жумушчу топ Президент Садыр Жапаровдун өлкөдө шахмат спортуна өзгөчө көңүл буруу жана аны жайылтуу боюнча чыгарган атайын Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өлкөдөгү шахматтын бүгүнкү абалын жана алдыдагы актуалдуу кадамдарды талкуулашты. Өзгөчө көңүл Улуттук шахмат академиясын түзүү демилгесине бурулду.

Ошондой эле Улан Маматканов бул спорттун интеллектуалдык пайдасына токтолду. Ал дүйнөлүк тажрыйбага таянып, шахматты мектеп программасына киргизүү канчалык натыйжалуу экенин белгиледи жана бул багыттагы пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу маанилүү экенин айтты.

Отурумдун соңунда жумушчу топтун мүчөлөрүнө конкреттүү тапшырма берилди: алар ушул жылдын 1-августуна чейин беш жылдык Улуттук программанын даяр долбоорун сунушташы керек.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер