ШААРДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ ЖАНА ШААРДЫК КИТЕПКАНА ФОНДУ САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ

  • 20.08.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров бардык муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө өткөрүү пландаштырылган «Акылдуу шаар» пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди.

Долбоордун негизги максаты калкка кызмат көрсөтүүдө жеткиликтүүлүктү, ыкчамдыкты жана муниципалдык түзүмдөрдүн натыйжалуу чечим кабыл алуусун жогорулатуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында «Нарын-Суу-канал» жана «Таза-Нарын» муниципалдык ишканаларынын ишмердиги санариптештирилет. Аны менен калктын таза суу менен камсыз болушу жана шаарды тазалоо менен жакшыртуунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзүлөт.

Мындан сырткары, шаардын билим берүү системасы жана шаардык китепкана фонду санариптештирилет, маалыматтардын электрондук социалдык базасы түзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү — бул күн сайын адам турмушунун бардык чөйрөсүнөн өткөн глобалдык процесс экенин жана Кыргызстан дүйнөлүк тенденциялар менен катар кетиши керектигин белгиледи.

«Мамлекет өлкөдөгү, өзгөчө аймактардагы санарип технологияларды өнүктүрүүгө жигердүү дем берип жатат. Заманбап технологиялар экономикада жана жарандардын жеке сапаттарында атаандаштык жөндөмдүүлүктү жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, Нарын шаарындагы санариптештирүүнүн жүрүшүнө канааттануусун билдирип.

Эске салсак, Мамлекет башчысынын Жарлыктары менен өлкөнү санарипке өткөрүү экинчи жыл катары менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталып келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер