ШААРДЫК «МАНАС» МАЙРАМЫ

  • 04.12.2023
  • 0

«Башкасын коюп, Манасты айт» демекчи, жакында Кара-Көл шаарында «Манас» майрамы болуп өттү.

ШААРДЫК "МАНАС" МАЙРАМЫ

Бул таасирдүү иш-чара КРнын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон «Манас» эпосун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында  уюштурулду.
Улуттук «Манас» театрынын уюштуруусу менен залкар манасчы Жаңыбай Кожековдун 155 жылдык мааракесине карата жана кара-көлдүк чоң манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арналган жаш манасчылардын эл аралык кароо-сынагы №4 Шопоков атындагы орто мектебинде 120 окуучунун манас айтуусу жана «Манас» гимнин аткаруу менен башталды.
Андан кийин Кыргызстандын ар тарабынан, Өзбекстан, Түркиядан тандоо турунан өтүп келген 35 жашка чейинки 14 манасчы сынактын бул финалдык баскычында билет тартуу аркылуу туш келген теманы 5-10 мүнөт аралыгында айтып,  КРнын эл артисти Назаркул Сейдракманов, КРнын эмгек сиңирген артисти Рыспай Исаков баш болгон калыстар тобунун сынынан өтүштү.
Бул иш-чаранын өткөрүлүшүнө шаардык маданият бөлүмү, Балдар чыгармачылык үйү, айрыкча №4 мектептин жамааты уюшкандык менен өз салымдарын кошуп кетишти. Албетте, демилгечи топтун башында турган биздин мектептин бир кездеги бүтүрүүчүсү, азыркы мезгилдеги таанымал тамада, акын-журналист Жылдызбек Турсунбаев экенин сыймыктануу менен айтып кетсек болот.
Алыстан ат арытып келген аттуу-баштуу   манасчылар андан кийин мектептин «Манас» кабинети менен  таанышып, окуучулар менен маек курушту.
Ошентип, элдин эсинде калчу иш-чара   маданият үйүндө уланып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана концерттик номерлер менен
жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кара-Көл шаарынын билим берүү мекемелеринде «Манас» эпосун мындан ары өнүктүрүү жана айтуучулук улуу өнөрдү алып жүргөн жаш муундарды элге алып чыгууда алгылыктуу бир топ иш-чаралар жылы бою жүргүзүлүп келет.

Байыш  МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер