ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КОЛДООГО АЛДЫ

  • 28.05.2020
  • 0

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке багыттоо максатында «Мен мугалимдик кесипти тандайм» деп аталган аралыктагы дилбаян сынагын уюштурду.

ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КОЛДООГО АЛДЫ
Бүтүрүүчү класстардын окуучуларынын арасында дүйнөдөгү эң татаал, эң жоопкерчиликтүү кесиптердин бири — мугалимдикке ынтызарлар аз эмес санда экенин бул сынак айдан ачык көрсөттү.

-Дилбаян жазган окуучуларды көргөндө, келечекте уучубуз кур эмес экенине дагы бир жолу ынандык. Мугалимдик кесипти тандоодо окуучуларда өздөрү билим берген эжей-агайлардын таасири күч экендиги байкалды. Сынактын катышуучулары мугалим жөнүндө асыл ойлорун айтып, билим берген мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти., — дейт  шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КОЛДООГО АЛДЫ
Аралыктан өткөн бул сынактын жыйынтыгында Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынан Тургунова Асылзат, Молдобекова Гүлбадам,, Чыңгызбекова Милана, Кадырова Алина, Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүүчү мектебинен Изабекоаа Акинай, Мырзаев Арген, Омурбекова Алия жеңүүчү деп табылды.

Дистанттык форматтагы сынак окуучулардын көркөм ой жүгүртүүсү жогору экендигин айгинеледи.
Уюштуруучулардын айтуусунда, 10-11- класстарынын окуучулары дилбаяндарды жазуу менен мугалимдик кесипти барктоого, ошондой эле мугалимдик кесиптин аброюн жогорулатууга аз да болсо өз салымын кошушту.

ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КОЛДООГО АЛДЫ
Мугалимдик кесиптин баркын көтөрүүгө багытталган бул сынакты Кара-Көл шаарынан мэри Ильяз Еркеев колдоого алып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Шаар жетекчиси мектептердеги эң жакшы окуган окуучуларды ар дайым колдоп, аларга материалдык жардам берип келет.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер