«СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН» ЖЕҢИШИ

  • 13.04.2023
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун элдик үлгүлүү бий ансамблдеринин жана шахмат ийриминин тарбиялануучулары катышкан эл аралык сынактарда байгелүү орундарды багындырышты.

“Шуакты кызгалдактар – 2023”

"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Эрик жана Сырга Латыповдордун жетекчилигиндеги “Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамбли “Жайлоо майрамы”, “Саадат какты” бийлери менен Казак Республикасынын Шымкент калаасында болуп өткөн хореографиялык искусствонун эл аралык “Шуакты кызгалдактар ​​– 2023” сынагында эки гран-приге ээ болушту.

Таланттуулар алдыда

"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун шахмат ийриминин тарбиялануучулары (мугалим Жылдыз Боргемикова) Ош шаарындагы окуучулар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында Сагынбекова Жибек 1-орун, Сайзилдаева Аймана 3-орунга ээ болушту.

«Жылдыздардын оту»

"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ

Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы, билим берүүнүн мыкты кызматкери Гүлжамал Шамыралиеванын жетекчилигиндеги «Дилгир» элдик бий ансамбли Алматыда өткөн X Эл аралык «Жылдыздардын оту» көркөм-өнөр сынагына катышып, жемиштүү кайтышты. Ансамбль «Куш бийи» жана «Кыздар ай» аттуу эки бийди аткарып, 1-орунду камсыздашты. Ошондой эле  «Ак ниет» (жетекчиси: Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, билим берүүнүн мыкты кызматкери, Э.Мадемилов атындагы премиясынын лауреаты Айын Акыбаева) бий ансамблинин улуу тобу ушул эле сынакта 1-орунга жана гран-приге ээ болушту.

"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ

 “Art silk way”

“Сейтек” борборунун дагы бир белгилүү “Ариет” хореографиялык ансамбли Өзбекстандын Ташкент шаарында болуп өткөн “Art silk way” эл аралык көп жанрдык сынагына Кыргызстандын атынан катышып, төрт гран-приге ээ болду (жетекчиси: Кыргыз Республикасынын маданиятынын кызматкери, билим берүүнүн кызматкери Лилия Мельникова).

"СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" ЖЕҢИШИ

Сейтекчилердин бул жолку ийгиликтери менен куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер