СЕУЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ

  • 26.11.2019

СЕУЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ

24-ноябрда Сеул шаарында Корея Республикасынын ЖОЖдорунда окуган студенттердин II Курултайы болуп өттү. Курултай Сулайманов Болотбек жетектеген  Кыргыз студенттер  ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз студенттери корей ЖОЖдоруна өтүү  мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик стипендия алуу жана келечекте жумуш орду менен камсыз болуу жөнүндө маалыматтары менен бөлүштү.

Кореядагы КР элчиси Динара Кемелова өзүнүн куттуктоо сөзүндө студенттердин өз мекенине кайтып, Кореядан алган билимин мамлекеттин өсүп-өнүгүсүндө колдонуусу манилүү экенин баса белгилеп өттү.

Бөлүшүү