Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты

  • 20.09.2023
  • 0

Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы финалга чыкты. Ал 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Андан соң кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишти илип кетти.

Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешип, анын далысын жерге басып таза жеңишке жетти. Ошентип кыргыз балбаны финалга жолдомо алып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Финалдык беттештер эртең, 20-сентябрда орун алат.

Финалда кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы япониялык балбан Юка Кагами менен күч сынашат.

Чемпионат 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер