СЕНТЯБРДА 156 МИҢ БАЛА 1-КЛАССКА БАРАТ

  • 19.08.2020
  • 0

Пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштайт. Алардын саны — 156 миң 430. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүүнү уюштурулат.

«Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат«, — деп билдирди өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде.

1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.

Эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлөт жана шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер