СЕНТЯБРЬ АЛГАЧКЫ БАРАГЫН БИЛИМ МЕНЕН АЧТЫ

  • 01.09.2023
  • 0

СЕНТЯБРЬ АЛГАЧКЫ БАРАГЫН БИЛИМ МЕНЕН АЧТЫ

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда билим коңгуроосу кагылып, мектептер эшигин ачты. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 150 миңдей бала мектеп босогосун  аттаганын билдирди. Анын ичинен 20 миңден ашууну Бишкек шаарындагы мектептерге барды. Билим күнү 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды.  Кыргызстандын мектептеринде окуучуларга “Менин өлкөм Кыргызстан”, “Достукта биздин күчүбүз!”, “Санариптешүү менин жашоомдо” , “Санариптик сабаттуулук-сапаттуу келечектин негизи”, “Жоопкерчилитүү үй-бүлө-күчтүү коом”, “Нарктуу кыргыз жараны-өлкөнүн келечеги”, “Туура кесип тандаганың-ийгиликтүү келечекке жол салганың”, “Билим-көөнөргүс руханий байлык” деген аталыштагы сабактар өткөрүлдү.

Республикабыздагы 2350 мектепте  1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңге жакын.

Бөлүшүү

Комментарийлер