СЕН КИТЕПТИ АЧСАҢ, КИТЕП СЕНИ АЧАТ

  • 26.02.2025
  • 0

 

СЕН КИТЕПТИ АЧСАҢ, КИТЕП СЕНИ АЧАТ

2025-жылдын 25-февралында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Китепtalkуу» долбоорунун алкагында «Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат» аталышындагы талкуу болуп өттү. Иш чарага Ысык-Көл областтык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

 

У.А.Калиев, ушул эле бөлүмдүн улук прокурору Н.Т.Сандыбаев  жана окуу жайдын бүтүрүүчүсү А.Б.Бактыгуловалар келип китеп окуу, изденүү аркылуу кандай ийгиликтерге жеткендиги,  инсандын калыптанышына, өнүгүшүнө китептин таасири зор экендиги тууралуу студенттер менен ой бөлүшүштү.  СЕН КИТЕПТИ АЧСАҢ, КИТЕП СЕНИ АЧАТ

Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, баарлашуу абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Жыйынтыгында ЫМУнун ректору, профессор А.Иманбаев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, студенттерди китеп окууга, чакырды.

 

СЕН КИТЕПТИ АЧСАҢ, КИТЕП СЕНИ АЧАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер