Селекциядагы кылмыш: Шектүү 8 жылга кесилди

  • 28.09.2023
  • 0

Селекциядагы кылмыш: Шектүү 8 жылга кесилди

Чүй облусунун Селекция айылында аялынын кулагын жана мурдун кесип салган деп шектелген жаранга карата буга чейинки үч жыл пробациялык  мөөнөт белгилөө чечими өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Чүй облустук соту мурдагы күйөөсүнүн колунан жапа чеккен аялдын апелляциялык арызын карады. Анда ушул жылдын 17-апрелиндеги чечим өзгөртүлдү.

“Айыпталуучуга карата пробациялык көзөмөл колдонуу жазадан алынып салынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү менен ал 8 жылга эркинен ажыратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү

Комментарийлер