«СЕЙТЕКТИН» УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

  • 17.07.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы менен бирдикте Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Менин мекеним — Кыргызстан» XIII  Балдардын чыгармачылык фестивалын касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгиндегиАла-Тоо” эс алуу үйүндө 27-июндан 3-июлга чейин өткөрдү. Фестивалга республиканын бардык булуң-бурчунан, ошондой эле боордош Казакстандан да таланттуу балдар келишти. Фестивалга 600дөн ашуун жөндөмдүү балдар алты күн бою өз өнөрлөрүн тартуулашты.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Бир күндө миң сан кубулуп,

Толкуну  тоого урунуп.

Тыңшаса укмуш музыка,

Тынымсыз турат угулуп.

Бир кана Ысык-Көлдө бар,

Ушундай кооз сулуулук! — дегендей, жогоруда аталган фестиваль Ысык-Көл берметинин жээгинен орун алган «Ала-Тоо» эс алуу жайында өттү. Анын жетекчиси Нарынбек Кызайбеков жыл сайын «Сейтек» борбору келет деп, кем-карчын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, балдардын эс алуусуна бардык шарттарды түзүп келатат.

Фестивалды «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова ачып берди. Анын айтымында, кыргыздын улуттук  музыкалык  аспаптары байыркы замандан тарта элдин жашоосун коштоп, кыйын  учурларда да колдонулуп, бүгүнкү күнгө  чейин жетти.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

— Азыркы  илим менен техника саат сайын өсүп жаткан убакта ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүүсү, өз улуту менен сыймыктануу сезими болуусу  шарт. Ушул шартта  балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору  кыргыз элинин баалуулуктары болгон, кылымдан кылымга аздектеп келген каада-салттарын, үрп-адатын, улуттук фольклордук аспаптардын, ыр-бий өнөрлөрүн аздектеп, жаңы калыпка келтирип, жайылтуу иретинде, өлкөбүздүн булуң бурчундагы жаш жеткинчектерди, өспүрүмдөрдү бири-бири менен чыгармачылык аркылуу достоштуруп, Кыргызстанда жашаган ар улуттун  чыгармачылыгы  менен тааныштыруу  иретинде “Менин мекеним — Кыргызстан” балдардын  чыгармачылык фестивалын он үч жылдан бери, анын ичинде «Ала-Тоо» эс алуу үйүндө он жылдан бери өткөрүп келатабыз.

Фестивалдын негизги  максаты — балдардын өз тилине, маданиятына, тарыхына  болгон кызыгууну өнүктүрүү жана тарбиялоо; таланттуу балдарды  колдоо жана  аларды элдин алдына чыгаруу; республикабыздын аймактарында  элдик оозеки чыгармаларды аткаруу, ыр-бий өнөрлөрүн аркалаган, кыргыздын  улуттук аспаптарында  кол ойноткон жеткинчектерди, жаштарды  колдоо жана эл аралык деңгээлге чыгаруу; өсүп келе жаткан муунду, кыргыз элинин  каада-салтын, үрп-адатын, улуттук маданиятын аздектеп, аларга  аяр  мамиле кылып, патриоттук сезимде өстүрүү; кыргыз элинин  жана Кыргызстанда жашаган элдердин фольклордук маданиятын үгүттөп, башка улуттун балдары менен достук мамиле  түзүү, маданий кызматташтыкты өркүндөтүү жана аткаруучулук боюнча тажрыйба алмашуу жана кесиптик  чеберчиликти жогорулатууну көздөйт, — деди Сабийра Челпакова.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ Фестивалдын катышуучулары эстен кеткис алты күн бою кыргыз элдик жана заманбап бий, дүйнө элдеринин бийлери, вокалды (элдик, эстрадалык), кыргыз улуттук аспаптарда ойноо боюнча күнүгө өздөрүнө бөлүнгөн күндө өнөрлөрүн тартуулап, таң эрте флешмобго катышып жатышты. Уюштуруучулар балдардын өнөрлөрүн көрсөтүү менен гана чектелбестен, аларды ар кандай экскурсияларга алып чыгып турушту. Маселен, фестивалдын экинчи күнү балдар Көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча салынган жаңы ат майданына, андан соң “Газпром” спорттук комплекске барышты.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

— Мен ойлогон эмесмин ушул ипподромду көрөм, өлкөнүн Президенттери отурган отургучтарга отуруп, сүрөткө түшөм деп. Абдан кооз экен. Ал эми “Газпромдо” өтүп жаткан таэквондо боюнча ортоазиялык чемпионатка күбө болгонум унутулгус окуя болду. «Сейтек» борбору ушунчалык кызыктуу фестиваль уюштурушуптур, — дейт Талас облусунун “Кыялкеч” ансамблинин тарбиялануучусу Индира Рыспекова.

Андан соң фестивалдын катышуучулары теплоходко түшүп, көлдүн таза абасынан кере-кере жутуп, көл — Кыргызстандын бермети экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ал эми кечинде Казакстан, Чүй жана Ош облусунан келген таланттуу балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Үчүнчү күнү балдар, педагогдор эс алуу үйүнөн Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна чейин жөө барышты.

— Борбордо жалпысынан жазуучунун чыгармалары боюнча он айкел коюлуптур. Бизге берген маалыматка караганда, Кыргызстандын он мыкты айкелчиси жазуучунун каармандарын ташта жан киргизген сыяктуу жасашкан экен. Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору – Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Чолпон-Ата шаарындагы комплекс экенин гид айтып берди. Дүйнөдөгү эң белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына аталган борборду кызыгуу менен көрдүк. Ысык-Көлдүн эң кооз жерлеринин бири экен. Комплексте бардык диндердин элементтери бар экенин көрүп таң бердик, — дейт  Нур-Султан шаарынан келген педагог Мария айым.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Түштөн кийин балдар көлдүн жээгинде уюштурулган “Кумдан жасалган элестер” конкурсуна катышып, эң мыкты иштер уюштуруучулар тарабынан белгиленди. Ушул эле күнү Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген жаш таланттар концерт беришти.

Ал эми төртүнчү күнү көлдүн жээгинде «Нептун» күнү уюштурулду. Бул иш-чарада “Анаэль” бий тобу өзгөчөлөнгөн кийимдери менен чыгып, бийлеп, көрөрмандардын купулуна толушту. Бул күнү кечинде «Окуучу күткөн Мугалим» жайкы мектебинин катышуучулары менен хореограф-педагогдор окуучуларга концерт тартуулашты. Окуучулар өздөрүнүн мугалимдери сахнага чыкканда абдан сүйүнүп, сыймыктануу менен кубаттап отурушту.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Бешинчи күнү эртең менен көл жээгинде “Көңүлдүү старттар” уюштурулуп, анда да окуучулар активдүү катышып, алдыңкылары сыйлыкка ээ болушту. Түштөн кийин эң мыкты деген аткаруучулар «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатында гала-концерт беришти. Ушул күнү уюштуруучулар бардык катышкан топтордун жетекчилерине грамота менен белектерди тапшырышты.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Ал эми акыркы алтынчы күнү окуучулар менен педагогдор эс алып, бош убактыларын өздөрү каалагандай пайдаланышты. Бул күнү аларга белгилүү саксофонист, КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев келип, концерт берди. Кечинде көл жээгинде костер жагылды, асманга шарлар учурулду. Ошентип бул күнү дагы «Кош бол, фестиваль!» иш-чарасы абдан кызыктуу өттү.

"СЕЙТЕКТИН" УНУТУЛГУС БИЙ МАЙРАМЫ

Эртеси фестивалдын катышуучулары Бишкекке сапар алышты.

Ошентип унутулгус, эстен чыккыс алты күн балдарга, педагогдорго демине дем, күчүнө күч берди. Анткени мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин флагманы «Сейтек» борбору жыл сайын бири-бирине окшобогон, кызыктуу программаларды уюштуруп келет. Келген коноктордун баары «Сейтек» борборунун директору, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Сабийра Челпаковага, анын жамаатына, фестивалдын жүрүшүн чагылдырган ЭлТР менен «Кут Билим» газетасына да  терең ыраазычылыктарын билдиришти. “Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, «Сейтектин» жамааты бир кишидей тикедей туруп, күн-түн бою иштеп, балдардын коопсуздугун сактоодо бардык күч-аракеттерин жумшашты. Ошондуктан алты күн бою эч кандай тартипсиз же кооптуу иштер катталган жок. “Сейтек” борборунун кызматкерлери Ира Балтабаева, Чынара Чокубаева, Нургүл Кашкинбаева, Зейнеп Акматова, Зульфия Малоэр, Юрий Брейво жана башкалардын фестивалдын жогорку деңгээлде өткөнүнө салымдары зор.  Фестиваль тууралуу катышуучулардын айткан ой-пикирлерин гезитибиздин кийинки санында жарыялайбыз.

 Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим», 

Бишкек — Чолпон-Ата — Бишкек

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер