«СЕЙТЕКТИН» САХНАСЫ ЖАҢЫРДЫ

  • 29.11.2017
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун 80 жылдык мааракесинде Президенттик администрация борбордун материалдык-техникалык базасын оңдоо үчүн 1 млн.сомдук сертификатты тапшырган. Мындан сырткары КР Билим берүү жана илим министрлиги да 1 млн. 60 миң сом которгон. Бул каражатка «Сейтек» борбору көрүүчүлөр залы менен сахнасын ремонттоп, жаңыртышты.

«СЕЙТЕКТИН» САХНАСЫ ЖАҢЫРДЫ

«Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, өткөн жылы биринчи кабаттагы фойени капиталдык ремонттон өткөрүшкөн. Ремонтко каражаттын кайсы бир бөлүгүн Билим берүү жана илим министрлиги төлөп берсе, көбүнчөсүн ата-энелер чогултушкан.

— Бул жолку ремонтубузга 80 жылдык мааракебизде Президенттик администрация тапшырган бир миллион сомду сарптадык. Бирок бул каражат да жеткен жок. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги дагы бир миллион алтымыш  миң сом жардам беришти. Борбордун көрүүчүлөр залы 1977-жылдан бери ремонттоло элек болчу. 1991-жылы биз борборду алганда, кабинеттер, зал партиялык кеңешмелерге ылайыктуу эле. Маселен, залы кичинекей болчу, ошондуктан биз 1991-92-жылдары сахнаны кичине чоңойтконбуз. Бул жолу сахнаны ачтырсак бир топ биз күтпөгөн жумуштар, кемчиликтер чыкты. Борбордо жалаң бий ансамблдери иштегендиктен, сахнабыз кыйчылдап, кээ бир жерлерде тешиктер пайда болуп, мыктары чыгып калган эле. Ошондуктан бул сахнаны түп-тамырынан жаңыртууну туура көрдүк, — дейт жетекчи.

Ошентип ремонт учурунда сахна дагы чоңойтулду. Залдын паркеттери, электр зымдары алмаштырылып, жаңыртылды.

— Ремонт жүрүп жатканда Мамкурулуштун техникалык көзөмөлдөө  бөлүмүнөн келип карап турушту, Билим берүү жана илим министрлигинен Кадыркулов Бакыт келип, канчалык  деңгээлде сапаттуу жасап жатканын ал дагы көрүп, эмнелерди эске алуу керек экендигин сунуштап турду. Айткандардын баарын эске алып, залдын паркеттерин сүрүп жылмалап, кайрадан майлап чыктык, эски отургучтарды ремонтко берип, тазалатып, сырдаттык. Анткени биздикиндей сапаттуу отургучтар эч жерде жок экен. Адистердин айтымында, биздин отургучтар дагы бир 40 жыл жөн эле тургудай, — дейт С.Челпакова.

Ошондуктан кошумча иштер кошулганына байланыштуу министрликтин жардамы менен дагы 344656 миң сомго ремонт иштери жасалды. Тендерден үнөмдөлгөн 334582 миң сом бюджетке кайтарылды.

— Андыктан борбордун бий топтору кеңешип, биротоло баарын жаңыртып алалы деп концерт берип, түшкөн каражатка көшөгөлөрдү, кулисаларды, отургучтарды, дорожкаларды тазалап алдык.  Ага өзүбүздүн бий топтору менен ата-энелер жардам беришти.

Эми буюрса акырындык менен чатырыбызды, даараткананы оңдоп алсак деп пландап жатабыз. Заман өзгөргөн сайын аппаратуралар  эскирип, аны менен ансамблдер деле иштебей калат экен. Ошондуктан заманбап аппаратураларды,  кымбат баалуу экрандарды алсак деген пландарыбыз бар, — дейт борбордун директору.

«Сейтектеги» дагы бир жаңылык,  үлгүлүү «Жаш кыял» бий ансамбли өзүнчө жеке музыкалык театр болуп бөлүнүп кетти. Бирок анда иштеген педагогдор, көбүнчө тарбиялануучулар борбордо калып, иштеп жатышат. Анткени окуучулар үчүн «Сейтекте» тарбиялануу ыңгайлуу, бир жагынан каражаты аз, экинчи жагынан — бир ийримден экинчи ийримге кирип кошумча сабактарды алышат. Үчүнчүдөн, окуучулардын жолуна ыңгайлуу экенин ата-энелер белгилешүүдө.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер