«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

  • 07.04.2020
  • 0

Дүйнөнү “COVID 19” каптап жаткандан баштап Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун окуучулар жана мугалимдер жамаатынын окуу-тарбиялык иши, борбордун иштөө планы дагы башкача нукка бурулду. Карантиндин биринчи күнүнөн тарта бардык билим берүү мекемелериндей эле «Сейтек» борборунун педагогдору дистанттык окутууга өтүшкөн. Борбордун педагогу Н.С.Намазбековдун идеясы: “Үйдө бол!”, “Биз үйдөн чыкпайбыз!”, “Мен өлкөмө жардам берем!” акциясын борбордун бардык мугалимдери, окуучулары колдоп, алардан эстафетаны Баку шаарынан Мехрибан, Алматы шаарынан Эсма, Екатеринбургдан Амир алып, бул флешмобду бүткүл дүйнө элдери колдоп жатышат. Мындан тышкары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Өлбөс өчпөс каттар” — “Бессмертные письма” аттуу акциясы башталды.

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

АРАЛЫКТАГЫ САБАКТАР

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын берген маалыматына таянсак, карантин жарыялангандан баштап борбордун педагогдору окуучуларды эшикке чыгарбай алаксытып, ар кандай көнүгүүлөрдү үйлөрүнөн жасаганды үйрөтүп, өткөн темаларын кайталашты.

— Карантиндин биринчи күнүнөн тарта, т.а. 20-марттан тарта «Сейтектин» педагогдору WhatsApp аркылуу сабактарын өтүштү. Биздин окуулар предметтик сабактарга караганда башкача, анткени окуу программалар типтүү, автордук, адаптацияланып түзүлгөндүктөн, ар бир мугалим темадан тышкары изденүү менен сабактарды өтөт. Балдардын баарында эле компьютер бар деп айтууга болбойт, ошентсе да телефон менен, WhatsApp, фейсбук, ютуб аркылуу сабактар өткөрүлүп жатты. Албетте, бул сабактар кайталоо иретинде, жаңы ыкмаларды, темаларды үйрөтүү боюнча өтүлдү. Сабактарга катышкан окуучулар күнүгө жасаган көнүгүүлөрүн ынтызарлык менен кайталап, жаңы көнүгүүлөр боюнча педагогдордон тапшырма алып жатышат. Булардын катарында борбордун мугалимдери, окуучулары: “Азия Нур” ыр-бий студиясы, “Ариет” бий студиясы, “Ак Ниет” хореографиялык бий студиясы, “Шаттык” бий ансамбли, “Дилгир”, ”Шертай” бий ансамблдери, “Байчечекей” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак Шоола” хору, “Оймо Кg” студиялары түзүштү. Мугалимдердин сабактары өзүнчө расписание менен WhatsAppка чыгып турду. Бул «Сейтектин» карантин убагында балдарды бош олтургузбай, алардын окууга болгон кызыгууларын арттыруу болду, — дейт Ира Балтабаева.

ҮЙДӨН ЧЫКПА!

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

Карантин күндөрү эшикке чыгуу чектелгендиктен, борбордун таланттуу балдары телефон аркылуу бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, мугалимдер аларга аралыктагы сабактарды өтүп жатышат. Элдин эшикке чыгууларына чектөө боюнча, борбордун окуучулары менен мугалимдери: “Үйдө бол!”, “Биз үйдөн чыкпайбыз!”, “Мен өлкөмө жардам берем!” акциясын борбордун бардык мугалимдери, окуучулары колдоп кетишти. Бул идея «Азия Нур» ыр-бий студиясынын жетекчиси Н.С.Намазбековго таандык. Анын идеясын борбордун педагогдору Шамыралиева Г.Ш., Мельникова Л.А., Акыбаева А.К., Тыналиева Н.А., Пантенкова Л.Б., ”Жаш тилек”, “Жылдыз” ансамблдери колдоп, алардан эстафетаны бардык мугалимдер, керек болсо чет жактагы Баку шаарынан Мехрибан, Алматы шаарынан Эсма, Екатеринбургдан Амир алып, бул флешмобду бүткүл дүйнө элдери колдоп жатышат.

«АК ШООЛАНЫН» СЫНАГЫ

— Биздин коллективдердин арасынан өзгөчө орунду “Ак Шоола” хору ээлейт. Анткени алардын курамында эки жаштан өйдө кичинекей наристелер бар. Карантин жарыялангандан бери, хордун окуучулары менен мугалимдери (жетекчиси Эсенгулова Г.Ш., хормейстери Шабданалиева С.Ө.) өтө тыгыз байланышта, алыстан болсо да, телефон, WhatsApp аркылуу баарлашып жатышат. Музыкалык окуу жайлардын 1-классында өткөн материалды, алар карантин убагында өтүп коюшат окшойт. Балдардын өздүк контагы менен, берилген тапшырмалар текшерилип, катасы болсо оңдолуп, өтө жакшы жыйынтыгын берип жатат. Ар бир группа менен репертуар кайталанып, ар бир баланын ырды аткаргандыгы текшерилүүдө. Ар бир окуучу тапшырманы өтө кылдаттык жана ынтызарлык менен аткарып жатышат. «Ак Шооланын» сабактарын Токтогулда жашаган балдар да колдоп, кайталап жаткан видео бар. Балким, келечекте ошол балдар ырчылыкка тартылып, таланттуу ырчы балдардын катарын түзөт, — дейт жетекчинин орун басары.

Айтмакчы, бул коллективдин дагы бир өзгөчөлүгү — ар бир окуучу ата-энеси менен биргеликте репертуарларынан бир ырды аткарууга сынак жарыялаган. Сынактын биринчи туру аяктады. Телефонго жүктөлгөн видеоматериалдардан балдар менен ата-энелердин ырларды аткаруусу өтө кызыктуу өттү. Салган видеолордон ата-энелердин, “Ак Шоолада” тарбияланган окуучулардын репертуарындагы ырларды так аткарып, мугалимдей болуп тапшырма берип, кайталатып жатышат. 2020-жылдын 5-апрелинен сынактын экинчи туру башталды. Сынактын экинчи турунда, ырлар концерттик вариантта, костюмдары менен аткарылат. Жюри иштеп жатат, приздер каралган.

«Ак Шооланын» бүтүрүүчүлөрү дагы ырларды аткарууда, өз үй-бүлөлөрү менен активдүү катышууда. Алардын дагы үй-бүлөлөрү менен аткарган ырлардын видеолорун көрсө болот.

ӨЛБӨС ӨЧПӨС КАТТАР

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

— “Сейтек” борборунун дагы бир ишине токтолбосом болбойт. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында “Өлбөс өчпөс каттар” — “Бессмертные письма” аттуу акциясына окуучулардын кызыгуусу өтө күчтүү экени видеоматериалдардан көрүнүп турат. Бул акцияга көптөгөн окуучулар тартылышкан. Ар кандай каттарды, ырларды окуп, сүрөттөрдү тартуу менен бирге, өзүлөрүнүн чоң аталары жөнүндө айтып берип жатышат. Бул акцияга кошулган окуучулардын саны өтө көп. Балдардын ар бир видеону өтө берилгендикте, чоң ынтызарлык менен аткарууларын белгилеп кетсек болот. Балдар карантинде жүрүшсө дагы, кызыкдар болуп, ата-энелердин жардамы, мугалимдин, жетекчинин тарбиясы, багыты менен видеоматериалдарды тартып, аны кайра сайттарга жүктөп жатышат. Окуучулардын мектептен тышкары да окууга, билим алууга кызыкдар экендигине күбөбүз. Ушул акцияга салым кошкон, биринчиден, ата-энелерге, окуучуларга, борбордун жетекчи мугалимдерине: т.а. Намазбеков Н.А., Боровикова Н.А., Мельникова Л.А., Пантенкова Л.Б., Латыпова С.Ж., Тыналиева Н.А. , Алдабек к. Г., Брейво Ю.В. ыраазычылык айткым келет, — дейт Ира Камалтуновна.

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

ВИДЕОСАБАКТАР — МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ

Алыскы аралыктан активдүү видеосабактарды алып баргандар: “Азия Нур” ыр-бий студиясы, “Ариет” студиясы, “Ак Ниет” хореографиялык бий ансамбли, “Дилгир” ансамбли, “Ак Шоола” балдардын хору, “Байчечекей” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Почитайка”, “Родничок” балдарды мектепке даярдоо студиялары, “Чжун дао” ушу мектеби, Изо студиясы. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институту менен биргеликте даярдалган, мектептен тышкаркы билим берүү борборлорунун мугалимдери үчүн тартылган дистанттык окуулар — мугалимдер үчүн чоң жардам, табылгыс усулдук кеңештер. Ар бир видеосабак окуу-тематикалык пландын, окуу программанын (автордук, типтүү, адаптацияланган) негизинде түзүлгөн. Бул сабактар жер-жерлердеги мугалимдерге чоң жардам болооруна жетекчилердин үмүтү чоң.

— Мугалимдерибиз окууга гана басым жасабастан, азыркы убактагы кырдаалды түшүндүрүп, ушул тапта дагы тарбиялык ишти алып барышууда. Вирус канчалык коркунучтуу экендигин, аны жугузуу болбостугун, азыркы этапта эч ким менен сүйлөшпөө керек экендигин түшүндүрүп жатышат. Окуу дагы аралыкта жүргүзүүлөрүн айтышууда. Балдардын арасында суицид көп жүрүп жаткандыгын, бул эмне үчүн, эмнеликтен келип жаткандыгын, балдар азыр өзүлөрүнө өздөрү коюлгандыгы, бул убак ата-энелер менен көпкө болууга берилгендиги, ата-энелерге жардам берүүгө шарт түзүлгөндүгү, азыр эми окуу дагы аралыкта өтүлө тургандыгын түшүндүрүп жатышат. Биздин балдардын жиберген видеоматериалдары аябай кызыктуу, окууга өтө ынтызар экендиктери, көп нерсени үйрөнүп билгендиктери, үй шартында дагы окууга ынтызар экендиги көрүнүп турат, — дейт И.Балтабаева.

Борбордун мугалимдер жамаатына, окуучуларга ийгиликтерди каалап, дүйнөнү каптаган алааматтан аман-эсен чыгып, сак-саламатта болуп, далай-далай Кыргызстандын желегин сынак, фестивалдарда желбиретип, шаардык, республикалык иш-чараларды өткөрүп, сахнанын таланттуу балдары, ажарын ачкан жаш, келечек ээлери болушарына терең ишеним бар экенин борбордун жетекчилери билдиришүүдө.

«Сейтек» борборунун бардык видеосабактары, материалдарды Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун сайтынан, фейсбук, ютуб баракчалардан, КР Билим берүү жана илим министрлигинин кошумча билим берүү баракчасынан тапсаңар болот. Алдыда дагы, борбордун мугалимдеринин видеосабактарын тартуу пландаштырылган. Борбордун көптөгөн пландары дагы алдыда.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер