СЕГИЗ ГРАНТТЫК ОРУН. КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БЕЛОРУССИЯДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛА АЛАТ

  • 14.02.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды.

СЕГИЗ ГРАНТТЫК ОРУН. КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БЕЛОРУССИЯДА АКЫСЫЗ  БИЛИМ АЛА АЛАТ

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашып, 2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду.

“Бүгүн Белоруссияда IT-технология тармагы жакшы өнүгүп жатат. Буга чейин кыргызстандыктар сиздердин өлкөдөгү IT-академияда окуудан өтүп келишкен. Биз бул боюнча академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,-деди Каныбек Исаков.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Белоруссияда 26 Кыргызстандын жараны билим алып жатат Алардын 20сы келишимдик негизде.

“Быйыл Белоруссия өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы”,-деди Андрей Страчко.

Жолугушууда мынданы сырткары кыргызстандыктардын Белоруссиянын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында акысыз билим алуусу жана эки өлкөнүн техникалык багыттагы университеттеринин кызматашуусун жакшыртуу суроолору талкууланды.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер