“SCOPUS ЖАНА WEB OF SCIENCE” ЖУРНАЛДАРЫНА БЕРИЛЧҮ МАКАЛАНЫН “ТЕМАСЫ” ЖАНА АННОТАЦИЯСЫ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТӨТ

  • 26.05.2020
  • 0

Онлайн университети платформасы 26-майда “Scopus жана Web of Science журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?” аталыштагы вебинарынын экинчи бөлүгү уланат. Экинчи бөлүктө аталган журналдарга берилчү макаланын “темасы” жана аннотациясы  боюнча вебинар өтөт.

Вебинарды эмгектери чет элдик абройлуу илимий журналдарга жарыяланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доц.м.а. (PhD) Бактыбек Исаков өткөрүүдө.

Алгачкы сабакта Б.Исаков эл аралык илимий журналдар менен байланышуу, редакторлорго макаланы сунуштоо, Scopus жана Web of Science маалымат базасына кирген журналдарынын талаптарына ылайык макаланы жазуу өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолгон. Мындан тышкары макаланын структурасы жана мазмуну, изилдөөнүн суроолору, методологиясы, изилдөө чектеринин жана алкактарынын белгилениши тууралуу маалымат берген.

Эске салсак, Scopus жана Web of Science маалымат базасына кирген журналдарына макалаларын жарыялоо талабы учурда кыргызстандык изилдөөчүлөргө кандидаттык жана докторлук  диссертация жактоо үчүн коюлуп келет.

Белгилей кетсек, “Онлайн университети” платформасынын Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий журналдарды тандоо, финансылык пайда көздөгөн журналдарга алданып калбоо, актуалдуулугу жогору илимий темаларды аныктоо, изилдөө этаптары жана жалпы эле академиялык жазуунун талаптары тууралуу илимдеги маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат.

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Бөлүшүү

Комментарийлер