САЙДИЛКАН КАДЫР ОКУУЧУЛАРГА ШЫК БЕРДИ
- 19.10.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында ачылган «Бүчүр» — Жаш адабий аймак таануучулар ийриминин активдүү окуучулары кезектеги мотивация алуучу жолугушууда жеке ишкер, альпинист Сайдилкан Кадыр менен маектешти.
Ийрим жетекчиси Эсенбек Зарипбековдун маалыматы боюнча, кыргыздын чыгаан, патриот мырзаларынын бири, Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретип, кыргыздарды альпинизм жаатында дүйнөгө таанытып жаткан, ошол эле учурда «Кыргыз элинин энциклопедиясы болгон «Манас» эпосубузду даңазалоо максатында «Манас» китебин дүйнөнүн эң бийик деген жети чокусуна, алардын ичинен эң бийик «Эверест» чокусуна көтөрүп чыккан, жеке ишкер, альпинист Сайдилкан Кадыр окуучулар менен жолукту.
— Окуучулар Кадыр агабызга өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, альпинизм жашоосундагы кызыктуу жана коркунучтуу учурлары жөнүндө сурап, абдан кызыктуу маек курдук. Сайдилкан Кадыр агабыз да окуучуларга өзүнүн кеп-кеңешин айтып, билимдүү болууга үндөп, билим берүү жаатында жаштарга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгилеп айтты. Билимдүү жаштар көп болсо мамлекетибиз да тез өнүгөөрүн түшүндүрүп берди. Ошону менен бирге экологиябызга аяр мамиле кылууга, таза сактоого чакырды! Окуучулар Сайдилкан Кадыр мырзадан таасирленип, келечекте Кыргызстанга пайдабызды тийгизген инсандардан бололу деген изги тилектерин билдиришти, — дейт ийрим жетекчиси.
Г.А., «КБ»
Комментарийлер