САЯПКЕР МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИ ТАТЫКТУУ БААЛАНАТ

  • 08.09.2021
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Жанар Акаев  мектептерде он жыл ийгиликтүү иштеген  педагогдорго миллион сом сый акы берүү тууралуу сунушу менен чыгышты.  Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Талкуудагы мыйзам долбоору баарынан мурун мыкты кесипкөй мугалимдерди мектептен кетирбей кармап калууга, чыгармачылык менен изденип эмгектенген педагогдордун окуу-тарбиялоодогу жетишкендиктерине, ийгиликтерине татыктуу баа берүүгө багытталган. Мисалы, өз предметинен республикалык жана эл аралык предметтик олимпиаданын жеңүүчүсүн даярдаган мугалимге сый акы катары үч айлык оклад төлөп берүү сунушталууда.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер