«САЯКАТ–2026»: АРСТАНБАПТАГЫ ЭС АЛУУ
- 04.08.2026
- 0
2026-жылдын 25–30-июль күндөрү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарабынан уюштурулган «САЯКАТ–2026» жайкы эс алуу программасынын экинчи агымы Арстанбап эс алуу жайында ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Эс алуу программасына Лейлек районундагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, тарбиячылар, мугалимдер, техникалык кызматкерлер, «Мыкты тарбиячы» конкурсунун райондук турунун жеңүүчүлөрү, онлайн тесттин жеңүүчүлөрү, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана билим берүү тармагындагы башка кызматкерлер катышып, эмгек өргүүлөрүн мазмундуу өткөрүштү.


Экинчи агымдын эс алуучуларын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А. Т. Бердиев жетектеп барып, эс алуу программасынын уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өтүшүнө көзөмөл жүргүздү.


Программанын алкагында катышуучулар Арстанбаптын кайталангыс жаратылышы менен таанышып, өлкөдөгү белгилүү туристтик жайлардын бири болгон чоң жана кичи шаркыратмаларга саякат жасашты. Ошондой эле маданий-массалык жана таанып-билүү иш-чараларына катышып, өз ара тажрыйба алмашууга, кесиптештик байланышты бекемдөөгө жана мазмундуу эс алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Экинчи агымдын катышуучулары уюштурулган эс алуу үчүн кесиптик бирликке ыраазычылыктарын билдирип, жагымдуу маанай, унутулгус таасирлер жана жаңы күч-кубат менен өз эмгек жамааттарына кайтып келишти.



Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети мындан ары да билим берүү кызматкерлеринин социалдык кызыкчылыктарын коргоого, ден соолугун чыңдоого жана сапаттуу эс алуусун уюштурууга багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз улантат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер