САСЫК ТУМООДОН САКТАНГЫЛА!

  • 12.12.2022
  • 0

Учурда “чочко тумоосу” деп аталган сасык тумоо күч алып, чоң кишилер, балдар ооруп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча айрыкча балдар дем алуу органдарынын патологиясы менен көбүрөөк жабыркап жатат.

САСЫК ТУМООДОН САКТАНГЫЛА!

Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Бишкек жана Чүй облусунун ооруканаларында кошумча керебеттерди коюу маселеси каралууда. Ооруканаларда ОРВИ менен ооруган балдарды күнү-түнү кабыл алуу пункттарын уюштуруу тапшырылды. Бишкек шаарында эле кошумча 200 керебет коюлду.

Сезондук сасык тумоо, курч респиратордук инфекциялар күчөп жаткан мезгилде жүргүзүлүп жаткан профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү максатында аймактык медициналык мекемелер мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге балдардын катышуусуна күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Балдардын мектепке, бала бакчаларга баруу мониторингине ылайык эпидемиологиялык босого 20%ке чейин болсо, бүгүнкү күндө барбай калгандардын пайызы 5%дан ашкан жок. Балдардын саны белгиленген босогодон ашкан учурда, билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте ар бир мектеп, класс боюнча оперативдүү түрдө карантин киргизүү чаралары көрүлүүгө тийиш.

Маалымат үчүн айта кетсек, жыл сайын сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөгөн (октябрь-апрель) мезгилде сасык тумоо, анын ичинде А (H1N1) деп аталган чочко тумоосу расмий түрдө катталат.

Ооруга чалдыккандардын эпидемиялык мезгилинде 14 жашка чейинки балдар ооруга көбүрөөк кабылат жана алар ооругандардын 65-70% түзөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер