САРЫ-ДӨБӨДӨ ӨТКӨН СЕМИНАР

  • 20.02.2020
  • 0

Түп районундагы К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө орто мектебинде орус тили мугалимдеринин семинары болуп өттү. Райондук деңгээлде өткөн семинардын темасы «Орус тили сабагында стандарттын негизинде компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу» деп аталды. Ага райондун мектептеринен катышкан 35 орус тилчи мугалим алдыңкы тажрыйбалардан үйрөнүшүп, усулдук жардам алышты.

К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө орто мектебинде үч орус тили мугалими эмгектенет. Алардын бири Асель Туркебаева 4-класста “Текстти окуп түшүнүү жана классификациялоо” деген темада ачык сабак өтүп, мастер класс өткөрдү. Сабактан соң келген мугалимдер 4-5класстын окуучуларынын Ч.Айматовдун “Эрте жаздагы турналар” жана “Кылым карытар бир күн” чыгармаларын орус тилинде сахналаштырып, жогорку деңгээлде ойношту. Мугалимдер айылдык кыргыз балдардын орус тилинде эркин сүйлөп, ырларды көркөм окугандарына ыраазы болушту.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер