САПАТТУУ БИЛИМ МЕНЕН РУХАНИЙ АДЕП ТАРБИЯСЫН АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ

  • 13.09.2021
  • 0

Чүй облусунун педагогикалык кызматкерлеринин сентябрь кеңешмесинде «Сапаттуу билим берүү жана руханий-адеп-ахлактык тарбия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» темасы талкууланды. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраева билдирди.

Кеңешме облустук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Аламүдүн районундагы И.Айдарбеков атындагы №1 гимназия мектебинин базасында өттү. Ага облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана мугалимдер, тарбиячылар катышты.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Раимбек Султанов сүйлөгөн сөзүндө, сапаттуу билим, таасирдүү тарбия багытында өз ойлорун ортого салып, агартуучулардын суроолоруна жооп берди.

Пандемиядан кийинки бир жылга чукул тыныгууда агартуу кызматкерлери эле эмес, коомчулук да билим берүү тармагына олуттуу мамиле жасап, мектепке чейинки билим берүү, мектеп жана кошумча билим берүүдөгү көйгөйлөрдү ички өңүттөн изилдеп карап, билим сапаты, адеп-ахлак тарбия маселелерин чечүү жолдорун биргелешип издөө жолуна түшкөнүн байкоого болот. Мындай мамиледен чүйлүктөр да четте эмес. Айрыкча, Москва районундагы «Бакыт» балдар бакчасынын башчысы Толкун Самакованын «Бала бакчада сапаттуу билим жана тарбия берүүдө ата-эненин ролу» деген темадагы докладын катышуучулар кызыгуу менен тыңдашты.

САПАТТУУ БИЛИМ МЕНЕН РУХАНИЙ АДЕП ТАРБИЯСЫН АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ

Кеңешмеге «Энелер мектеби» программасынын, ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун өкүлдөрү жана «Улуу тоолор» басмасынын редактору, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун жетекчиси Смальтбек Темиралиев катышып, билим жана тарбия темасын талкуулашты.

Кеңешменин соңунда алдыңкы педагогикалык кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты.

САПАТТУУ БИЛИМ МЕНЕН РУХАНИЙ АДЕП ТАРБИЯСЫН АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер