САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТАРБИЯ

  • 13.09.2021
  • 0

13-сентябрда 2021-2022-окуу жылына карата Кочкор районундагы билим берүү мекемелерине арналган «Сапаттуу билим берүү жана руханий адепахлактык тарбия өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» деген темада конференция болуп өттү.

Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, конференцияга райондогу мектептердин, бала бакчалардын директорлору, окуу завучтары ошондой эле Т.Тойгонбаев атындагы  кесиптик лицейдин, М.Бусурманкулов атындагы балдар искусство мектебинин, ИИМ райондук бөлүгүнөн жана райондук санэпид бөлүмүнүн адистери катышты.

САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТАРБИЯ

САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТАРБИЯ

— Конференциянын жүрүшүн райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин башчысы А.Асаналиева ачып, куттуктоо айтуучуларга, докладчыдарга сөз берди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгулов Турсунбек өз баяндамасында  райондогу билим берүү тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөр, мугалимдердин, окуучулардын  жетишкендиктери, жаңы курулуп жаткан мектептер, алардын ачылышы тууралуу жагымдуу көрүнүштөргө, ошондой эле кээ бир мектептердин эскилиги жөнүндөгү көйгөйлөргө токтолду. Куттуктоо үчүн жарыш сөздөргө ардагер мугалим Эламанова Өмүркан, Ш.Рысмендеев орто мектебинин директору Бообек уулу Болот, << Аруузат>> бала бакчасынын директору Усупбаева Наргиза, Жунушалы кызы Майнап орто мектебинин мугалими Дубанбек кызы Кайыр, М.Бусурманкулов атындагы балдар искусство мектебинин директору Абдрахманова Бермет, К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалими Нурлан кызы Бегайым мектептердеги чыгармачылык иштер жөнүндө жана жаңы окуу жылына карата куттуктоо айтып сүйлөштү, — дейт мектеп директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер