САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МААНИЛҮҮ КАДАМ

  • 17.03.2026

Талас билим берүү усулдук борборунун кызматкерлери  облустун аймагындагы мектептерде алдыңкы, тажрыйбалуу мугалимдердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, баалуу тажрыйба алмашуу максатында предметтик сабактар боюнча облустук семинарларды уюштурууда.

САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МААНИЛҮҮ КАДАМ

— Бул семинарлар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга чоң өбөлгө түзүүдө. Ар бир район, шаардан барган мугалимдер сабактарга активдүү катышып, мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүп, пикир алмашуу аркылуу билим казынасын байытышууда. Мындай иш-чаралар билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдеп, келечек муундарга сапаттуу билим берүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Талас облустук усулдук борборунун кызматкерлери апта ичинде ар бир райондо иш сапарда жүрүшөт, — дейт борбордун директору С.Бейшенова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү