САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 26.12.2017
  • 0

САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды.

Өкмөт башчы окуу корпустарын, аудиторияларды кыдырып көрүп, ЖОЖдун факультеттеринин илимий жана ойлоп табуучу ишмердүүлүгү менен таанышты.

Университет ректору Кеңеш Үсөнов ЖОЖду өнүктүрүү боюнча келечек чаралар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө университетте ар-кыл багыттар боюнча базалык жана толук жогорку билимдүү көп тармактуу адистерди даярдоо жүрүүдө. Ошондой эле илимий мүмкүндүктү жогорулатууга, материалдык-техникалык базаны жана универститеттеги окуу процессин жакшыртууга багытталган 2020-жылга чейинки ЖОЖду өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыккан. Мындан тышкары, университетте билим берүүнүн электрондук тутуму, билим алуучулардын электрондук каттоосу жана электрондук китепкана бар.

Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Өкмөт башчы окуу-жайдын жетекчилигине жүргүзүлгөн жагымдуу өзгөртүүлөр үчүн ыраазычылык билдирди.

Студенттердин суроосуна жооп берүүдө Сапар Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу активдүү жүрүүдө. Анын айтымында, бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн социалдык тармагын каржылоо көлөмүн арттырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле

Премьер-министр «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу менен катар ирригациялык долбоорлор жана 2019-жылга карай Өкмөттүн ишин толук санариптештирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Сапар Исаков белгилегендей, «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасында өлкө аймактарын тегиз өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги чаралар аныкталган.

«Биз өлкөнүн бардык тармактарында санариптештирүүнү киргизүүбүз зарыл. Мындан тышкары, биз республиканын таяныч шаарларын өнүктүрөбүз жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу үстүндө ишибизди улантабыз, алардын катарына Жалала-Абад шаары да кирет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өз ишинде салык процедураларын фискалдаштырууга, бажы тутумун реформалоого, «Акылдуу шаарларды» киргизүүгө, өлкөнүн негизги жолдорун реабилитациялоого жана мамлекеттик сатып алуу тутумун модернизациялоого басым жасамакчы. Буга катар Өкмөт башчы жаш, адискөй кадрларды даярдоо жана аларды өлкө аймактарынын медициналык мекемелерине тартуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга айтылган маселелер боюнча тапшырмалар берилди.

САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

САПАР ИСАКОВ ЖАГУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

 коомчулук  жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер