САПАР ИСАКОВ ТАЛАСТА ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

  • 15.01.2018
  • 0

Премьер-министр Сапар Исаков 12-январда Талас облусуна болгон жумушчу сапарында Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

САПАР ИСАКОВ ТАЛАСТА ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Өкмөт башчы иш-чарада бул сыяктуу билим берүү мекемелеринин курулушу өлкөнүн өнүгүп жаткандыгынын көрүнүктүү мисалы болуп саналарын, бүгүнкү күндө республика боюнча жаңы билим берүү мекемелеринин жана социалдык объектилеринин курулушу жүрүп, курулушу аяктабаган имараттар бүткөрүлүп жаткандыгын айтып: — Жалпыбызга маалым болгондой, билим берүү – мамлекеттин негизин түзөт, ошондуктан Өкмөт аталган тармакка өзгөчө көңүл буруп келген жана бул ишти уланта берет, — деп баса белгиледи.

Премьер-министр салтанатта мектеп директоруна заманбап компьютердик техника менен жабдуу ъчън акчалай сертификат тапшырып, мектептин спорттук залын курууга республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Өкмөтүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер