САПАР ИСАКОВ: «КЫРГЫЗСТАН – УЛУУ ӨЛКӨ, АНТКЕНИ АНЫН ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДОЙ МЫКТЫ ИНСАНДАРЫ БАР»

  • 15.01.2018
  • 0

Өкмөт башчы Сапар Исаков Кара-Буура районунун Шекер айылындагы аалам жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун  90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылыш аземине катышты.

САПАР ИСАКОВ: «КЫРГЫЗСТАН – УЛУУ ӨЛКӨ, АНТКЕНИ АНЫН ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДОЙ МЫКТЫ ИНСАНДАРЫ БАР»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү маалымдагандай, иш-чарада Өкмөт башчы Чыңгыз Айтматов – XX кылымдын улуу жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын казынасына өз чыгармалары аркылуу чоң салымын кошкон маданияттын белгилүү өкүлү экендигин айтып жатып: «Кыргызстан – улуу өлкө, анткени анын Чыңгыз Айтматовдой мыкты инсандары бар. Чыңгыз Айтматов белгилүү жазуучу, заманбап философ катары биздин өлкөбүздү жалпы дүйнө жүзүнө тааныткан. Биз Кыргызстан дүйнөгө Чыңгыз Айтматов сыяктуу талантты тартуулаганы менен сыймыктанабыз. Ошондуктан анын адабий мурастарына тийиштүү баа берилип, анын чыгармачылыгы тууралуу келечек муун билүүсү үчүн колдон келген аракетибизди жасообуз керек. Чет өлкөгө чыкканда мен кайсы мамлекеттен келгенимди сурашат, менин Кыргызстандан экендигимди билишкен соң, көпчүлүгү аны Чыңгыз Айтматовдун мекени катары таанырын толкундануу менен билдиришет», — деди.

Сапар Исаков Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 15га жерди «Чыңгыз Ордо» маданий комплексин курууга трансформациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлгандыгын, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун туулган Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейи реконструкциялана тургандыгын дагы кошумчалады.

Мындан тышкары, аалам жазуучусунун  90 жылдыгын майрамдоого арналган бардык юбилейлик иш-чаралар Кыргызстанда гана эмес, чет мамлекеттерде да жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Буга катар Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан улуу кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл жана рухий мурасын жайылтууга бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендирди.  Кыргыз тараптын демилгеси менен Түрк маданиятынын эл аралык бирикмеси (ТЮРКСОЙ) 2018-жылды – жазуучу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялагандыгын маалымдады.

Иш-чаранын алкагында Сапар Исаков Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, жазуучунун Үй-музейи менен таанышты.

Маалымат: Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилип, ага ылайык, Үчүнчү Ысык-Көл интеллектуалдык форумун, ар кыл дүйнө улуттарынын өкүлдөрүнүн Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуусу боюнча видеожазууларды уюштуруу, эл аралык театр жана кино фестивалдарды өткөрүү, музейлерди, көргөзмөлөрдү жана башка социалдык-маданий жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү каралган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер