САПАР ИСАКОВ БАТКЕНДЕГИ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

  • 15.02.2018
  • 0

Премьер-министр Сапар Исаков 13-февралда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү маалымдады.

Салтанатта Өкмөт башчы мугалимдердин ишинен көп нерсе көз каранды экендигин баса белгилеп, агартуучуларды бирдиктүү иш алып барууга чакырып, мектептин компьютердик классына сертификат тапшырды.

«Биздин балдарды өнүктүрүүгө кошкон салымыбыздан Кыргызстандын келечеги көз каранды. Балдар келечекте биздин өлкөнү өнүктүрүү жана анын атын алыска чыгаруу үчүн мыкты билим алууга тийиш», — деди Сапар Исаков.

Курулуш иштери 2015-жылы башталган эки кабаттуу мектеп 275 окуучуга эсептелген, анда аянты 288 чарчы метрлик спорт залы жана 40 орундук ашкана каралган.

Бөлүшүү

Комментарийлер