САНТА-СУСАННАДАГЫ СПОРТ МАЙРАМЫ

  • 29.04.2024
  • 0

Мен кечээ Испанияга келдим. Бүгүн, 29-апрелде, Дүйнөлүк спорт журналисттер ассоциациянын (АIPS)  100 жылдык мааракелик Конгрессине катышып жатам.

САНТА-СУСАННАДАГЫ СПОРТ МАЙРАМЫ

Барселонадан 70 чакырым аралыктагы Санта-Сусанна шаарында өтүүдө. 100дөн ашуун өлкөнүн делегаттары катышууда. Бул ассоциация 1924-жылы 2-июлда Парижде уюшулган. Кыргызстан 1995-жылдан бери мүчө болуп саналат. Учурда Париж олимпиадасынын бетачары болуп, журналисттер кандай шартта иштээрин Басма сөз борборунун  өкүлү баяндап берди.  Европа футбол Кубогу, Лигасы, Дүйнөлүк Универсиада уюму тууралуу бетачаарга күбө болдук. Спорт журналистикадагы гендердик маселелер да талкууланды. Конгресс  2-майга чейин болот. Мен Конгресске Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы катары делегат болуп чакырылдым.

Кабыл МАКЕШОВ, «Кут Билим», Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер