“САНАРИПТИК ДҮЙНӨДӨ ОКУУ ЖАНА САБАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ” ТЕМАСЫНДА ВЕБИНАР ӨТҮП ЖАТАТ
- 08.02.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүүнүн алкагында “Санариптик дүйнөдө окуу жана сабаттуулукту жогорулатуу” деген темада вебинар өткөрүүдө.
Вебинар электрондук тексттерди окуу сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган.
Лекторлор:
Ковалева Галина Сергеевна — Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси,
Рябинина Любовь Анатольевна — Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун илимий кызматкери.
Вебинарды Фейсбуктан көрүүгө болот — — https://www.facebook.com/pisa2025kg?mibextid=LQQJ4d
Ошондой эле кыргыз/орус тилдериндеги шилтеме боюнча — — https://us02web.zoom.us/webinar/register/WN_DZXhWOmgRSeTIDUSZzj0Kg
Вебинар Европа Бирлигинин “Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” долбоорунун жана Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Комментарийлер