БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САНАРИПТЕШТИРҮҮ — САПАТТЫК ЖАҢЫЛАНУУ

  • 27.02.2020
  • 0

Жогорку кесиптик билим берүү тутумун санариптештирүү, электрондук документ алмашуу, “Бирдиктүү терезе», электрондук лицензиялоону ишке ашыруу, абитуренттерди он-лайн кабыл алууну уюштуруу, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын толук киргизүү Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн билим форумунда жогорку окуу жайлардын алдына коюлган биринчи милдеттер катары каралды.  

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САНАРИПТЕШТИРҮҮ - САПАТТЫК ЖАҢЫЛАНУУ

Иш-чарага тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, билим берүүнү башкаруу уюмдарынын, илим жана билим берүү ишмерлеринин, жождордун ректорлорунун, коомдук уюмдардын 450 өкүлү катышты.

Форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүүдө ааламдашуу жана санариптештирүүгө арналган актуалдуу маселелер; инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери каралды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САНАРИПТЕШТИРҮҮ - САПАТТЫК ЖАҢЫЛАНУУ

Билим берүү жана илим министри К.Исаков өзүнүн сөзүндө: «Бүгүнкү форум чоӊ мааниге ээ. Билим берүү системасы бардык инновациялардын негизин түзөт, ошондуктан республикабыздын азыркы экономикасынын прогрессивдүү өнүгүшү билим берүү секторундагы санариптештирүү процесстеринин эффективдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды. Мындай шартта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин милдети − билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды алдыга жылдыруу жана IT-билим берүүнү өркүндөтүү маселеси болуп калат. Ошондуктан бүгүн окумуштуулар жана эксперттер менен азыркы санариптешүү доорундагы маселелерди жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайык билим берүү системасына коюлган талаптарды талкууга алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө санариптик технология — азыркы билим берүү системасында, өзгөчө, билим берүү сапатын жогорулатууда, ар тараптуу өнүктүрүүдө уникалдуу механизм болуп саналат. Ошондуктан санариптик доордо турмуштук жаӊы жөндөмдөрдү пайда кылган окутуунун принципиалдуу жаӊы технологияларына өтүү зарыл», — деп баса белгиледи.

Форумдун программасы салттуу түрдө билим берүү системасына тиешелүү милдеттерди жана маселелерди камтыган тректерге бөлүнгөн. Талкуунун эӊ маанилүү өзөгү – билим берүү сапатын жогорулатуу жана жождордо окуу процессин эффективдүү башкаруу болду. Форумдун катышуучулары бүгүнкү санариптик технология бардык билим берүү процесстерине кирип, уюштуруу иштери, билим берүү программалары, окутуу методдору өзгөрүп жаткандыгын белгилешти.

Форумдагы дискуссиянын эӊ негизги идеясы жождордо «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде электрондук иш кагаздарын жүгүртүү аркылуу башкаруу ишмердүүлүгүн трансформациялоо болду. Азыркы күндө жождун ишмердүүлүгү үчүн маалыматтык автоматташтырылган системанын мааниси өтө чоң экендигине дагы басым жасалды.

Катышуучулар окуу процессин китепканалык-маалыматтык камсыздоонун санариптик трансформация аркылуу электрондук окуу-методикалык ресурстарын өнүктүрүү маселесин абдан кызуу талкуулашты. Азыркы мезгилде Кыргызстанда билим берүүдөгү китепканалык-маалыматтык камсыздоо процесстери өнүккөнүн; китепканалык-маалыматтык бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин функциясы бир топ өзгөргөнүн белгилешти.

Электрондук китепканалык система билим алуучуларга окууда жана өз алдынча билим алууда чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мына ушул жагдайдан алганда китепкананын ролу жождордо өзгөчө орунду ээлейт. Китепканалык-маалыматтык системанын санариптешүүсү – жөн гана библиографиялык маалымат алуучу булак болуп саналбастан, өз алдынча билимин өнүктүрүүгө жана интеллектуалдык потенциалды кеӊейтүүгө тиешелүү билимдердин бир жерге топтолгон, күнү-түнү колдонууга болгон жыйындысы.

Билим берүү процессине компьютердик технологияларды киргизүү — катышуучулардын пикири боюнча, билим алуучулардын окуу материалдарына жана окутуучуларга болгон мамилесин түп тамырынан бери өзгөрттү. Ошону менен бирге азыркы окуу процессинде басма түрүндөгү булактар менен катар эле электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү керек экендигин билим берүү стандарттары жана ченемдери түздөн-түз көрсөтүп турат.

Санариптик трансформация шартында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери да талкууланды. Анткени азыркы күндө көп сандаган маалыматтар электрондук түрдө сакталат. Оншондуктан маалыматтык коопсуздук жаатындагы илимдин жана техниканын акыркы жетишкендиктерин колдонуу менен киберкоопсуздукту жакшыртуу, ченемдик-укуктук жана ченемдик техникалык камсыздоону өнүктүрүү, маалыматтык карама-каршылык шарттарында корголгон маалыматтык-телекомммуникациялык технологияларды өнүктүрүү зарыл.

Форумдун жыйынтыгында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Жогорку технологиялар паркы кызматташуу келишимне кол коюшту. Кыргызстанда билим берүүнүн санариптик трансформациясын мындан ары активдештирүү боюнча бир катар практикалык сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САНАРИПТЕШТИРҮҮ - САПАТТЫК ЖАҢЫЛАНУУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы, профессор А.И. Мусаев: «Форумда санариптик доордо билим берүү системасын трансформациялоо маселеси боюнча абдан маӊыздуу диалогдор жана дискуссиялар жүргүзүлдү. Мындан ары да Форум билим берүүнү санариптештирүү, билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча тажрыйба жана идея алмашуу үчүн өзгөчө платформа болуу менен бирге келечектеги масштабдуу долбоорлорго, демилгелерге негиз болот деген ишенимдебиз. Бүгүн биз өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн болгон күчаракетибизди бириктиришибиз керек», — деп белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер