САНАРИПТЕШТИРҮҮ: МААНИЛҮҮ КАДАМ

  • 27.06.2025
  • 0

Таласта мектеп жетекчилери жана окуу бөлүмүнүн башчылары үчүн санариптик билим берүү боюнча окутуу өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ: МААНИЛҮҮ КАДАМ

 

Семинар А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин жыйындар залында өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору жана окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышты.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ: МААНИЛҮҮ КАДАМ

Иш-чарага Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кесиптештери менен катышып, билим берүүнү санариптештирүүнүн актуалдуулугу, санариптик платформаларды натыйжалуу колдонуу жана педагогдорду жаңы санарип чөйрөсүнө адаптациялоо боюнча маанилүү багыттарды белгилеп өттү.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ: МААНИЛҮҮ КАДАМ

— Окутуунун негизги максаты – билим берүү процессинде санариптик технологияларды кеңири колдонуу, мугалимдер менен мектеп жетекчилеринин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу жана заманбап билим берүү платформаларын иш жүзүндө пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга санариптик билим берүү инструменттери, онлайн платформалар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле практикалык бөлүктө катышуучулар заманбап платформалар менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү. Иш-чара соңунда билим берүү мекемелеринде санариптик чечимдерди киргизүү боюнча сунуштар жана жетекчилердин суроолоруна жооптор берилди, — дейт шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элизат Сатыбалдиевна.

Семинарда талкууланган негизги темалар:

Санариптик билим берүү платформаларын эффективдүү өздөштүрүү; билим берүү процессинде санариптик ресурстарды пайдалануунун жаңы ыкмалары жана мугалимдердин жана жетекчилердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жолдору.

— Агартуу министринин орун басары жетекчилердин ар бир суроосуна так, толук жана түшүндүрмө иретинде жооп берип, мектептердин санариптешүүсүндө жаралышы мүмкүн болгон маселелерди чогуу чечүүгө даяр экенин билдирди. Бул жыйын Талас облусунун билим берүү тармагындагы жетекчилер үчүн чоң стимул берип, региондук билим берүү системасын жаңы, заманбап, сапаттуу багытта өнүктүрүүгө бекем негиз салды. Талас облусунун билим берүү тармагы санариптештирүүгө карай ишенимдүү кадам таштап, өзгөрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Тарыхтын жаңы барагын бирге жазалы! – дейт облустук усулдук борборунун директору С.Бейшенова.

Жыйынга катышкан 250 педагог маалымат угуп, эми жер-жерлерге таратмакчы.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер