САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

  • 04.08.2023
  • 0

Азыркы учурда заман талабына ылайык бардык тармак санариптештирүүгө өтүп жаткан кез. Билим берүү мекемелеринде санариптештирүү эмнеге алып келип жатат? Ириде окуу процессин жөнөкөйлөтүп берүү, ачык айкын, эффективдүү, образдуу сабактарды  заманбап технологиялардын жардамы менен өткөнгө өбөлгө түзүлдү, ошондой  эле  окуучуларды онлайн кабыл алууга жол ачылды.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

Мисалы, менин кызым быйыл биринчи класска барат. Аны электрондук кезек менен эле киргизип койдук. Аябай женилдик. Деги эле агартуу тармагындагы санариптештирүү электрондук билим алуу системасына өтүп баратат  дегенди билдирет. Бардык окуу материалдары (жыйнактар, көнүгүүлөр, китептер), ошондой эле журналдар жана күндөлүктөр акырындап онлайн режимине өтүүдө. Көнүп калган дептерлердин ордуна тапшырмалар компьютерлерде жана планшеттерде аткарылууда. Биздин өлкөдө дагы аз-аздан ушундай көрүнүштөр байкалып жатат. Мисалы, дагы китепканачы болуп иштегендиктен, бизге «Жаңы китеп» мекемеси ондогон документтерибизди электрондоштуруп түзүп берди, аябай жеңил, эффективдүү, бат болот экен. Ал эми күнүмдүк турмушта коммуналдык кызматтар, электрондук байланыштар, банк кызматтары баардыгын телефон аркылуу эле төлөп калдык. Бул да санариптештирүүнун пайдасы дейт элем. Деги эле дүйнө жүзү алаканга салгандай көрүнүп, соцтармактар аркылуу эмне деген жаңылыктарды көрүп жатабыз.

Сезим Дүйшөкова, Ат-Башы району

Бөлүшүү

Комментарийлер