“САНАРИПТЕШТИРҮҮ: ДҮЙНӨДӨ  ЖАНА БИЗДЕ”

  • 15.10.2019
  • 0

Бүгүн КР экс-президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: дүйнөдө  жана бизде”  аттуу үч күндүк конференция Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында  старт алды.

Иш-чарага областтардын активдери,  мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик  комитетинин, КР Жогорку технологиялар паркынын, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын окумуштууларынын, Бай Түшүм, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банктардын, Мегаком мобилдик компаниясынын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталат жана мастер класстар өткөрүлөт.

Конференциянын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата областтардын, райондордун активдерин,  мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин, айыл аймактарынын башчыларын дүйнөдөгү жана өлкөдөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү. Катышуучулар санариптик кадамдарды ишке ашыруу боюнча суроолорго жооп ала алышат.  Жалпы аймактын жашоочуларынын санариптик маалымдуулугун жогорулатууну дагы көздөйт. Санариптик чөйрөнүн жигердүү катышуучусу болууга жана келечекте кесип тандоого багыт берет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер