САНАРИП МУЗЕЙ: ПРЕЗИДЕНТТИ РОБОТ ТОСУП АЛДЫ

  • 09.09.2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште заманбап санариптик музейдин ачылышына катышып, парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты. САНАРИП МУЗЕЙ: ПРЕЗИДЕНТТИ РОБОТ ТОСУП АЛДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына музейдеги гид робот кыргыз элинин жана парламенттин тарыхына, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган баалуу экспозициялар тууралуу маалымат берди. САНАРИП МУЗЕЙ: ПРЕЗИДЕНТТИ РОБОТ ТОСУП АЛДЫ

Муну менен катар, Президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга онлайн режимде катышууга толук мүмкүндүк берген, акыркы үлгүдөгү санариптик технологиялар менен жабдылган парламенттин жыйын залдарын дагы карап чыкты. Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров бул жаңыланган экспозиция келгендерге, анын ичинде өзгөчө жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн жакындан таанып-билүүгө чоң мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Аталган заманбап музей жарандардын, айрыкча мектеп окуучулары менен студенттердин Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырып, алардын саясий-укуктук билимин жогорулатууга чоң өбөлгө болот.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү